Menu

Калыкбек Султанов “Ата Мекенди” чанып, СДПКга мүчө болду

Бөлүшүү:

Өткөн жылы экс-транспорт министри Калыкбек Султанов ден-соолугуна байланыштуу деген жүйөө менен “Ата Мекен” партиясынын катарынан чыгып, министрлик кызматын тапшырып, саясаттан биротоло кеткенин жарыя кылган эле. Кийинчерээк бош жүргөн немеге президенттин боору ооруп кеттиби, айтор, аны жанына чакырып, өзүнө кеңешчи кылып алган болчу. Мындан алты күн мурда ошол президентке акыл кошуп жүргөн Султанов СДПК партиясына мүчө болуптур. Кечээ, 31-июлда Ысык-Көлдө өткөн Кыргызстан Социал-демократтар партиясынын XV-съездинде аталган партиянын саясий кеңешинин жаңы курамы бекитилип, ага Султанов дагы киргени маалым болду. Өзүнүн жергиликтүү маалымат каражаттарына билдиргенине караганда ага СДПК партиясынан сушун болгондуктан дароо эле макулдугун бериптир. Анткени анын көз караштары аталган партия менен дал келет экен. Ошентип “Ата Мекенде” жүрүп ден-соолугуна күч келип, саясаттан алыстаган Султанов эми ажонун командасына кошулуп, жашоонун жаңы барактарын баштаганы турат. Келечеги кандай болор экен?

Булак: Кyrgyztoday

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − 80 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: