Бишкек шаарында суюлтулган газды ташуучу унаалар менен мыйзамсыз газ сатып жаткан жарандар аныкталды. Бул туурасында бүгүн Мамэкотехинспекциянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, буга чейин мындай текшерүү тынымсыз жүрүп, эскертүүлөр берилип, административдик чаралар көрүлгөнү менен, мыйзамсыз саткандардын аягы суюлган эмес. Алардын көпчүлүгү нефтини кайра иштетүүчү «Жунда» ишканасынан ташып келип турушкан. “Мамэкотехинспекция аталган ишканага бир нече ирээт кат менен кайрылып, эскертүүлөрдү берген. Себеби эч кандай тийиштүү уруксат берилген документтери жок жарандар барып сатып алып, кайра сатууда. Андыктан атайын суюлтулган газды сатууга уруксат берилбеген тараптарга газды сатууну «Жунда» ишканасы улантууда. Кыргызстан боюнча суюлтулган газды мыйзамсыз сатып келгендерге Мамэкотехинспекция текшерүү жүргүзүп, чара көргөнү менен, чоң соодадагы алып сатарлар да эскертүүлөргө баш ийбей келишет. Андыктан Мамэкотехинспекция кызматкерлери мыйзамсыз газды сатып жаткан тараптарга катуу чара көрө баштады”, – деп айтылат маалыматта.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ