Menu

“Өлүк” сатуу бизнесине Медакадемиянын азыркы ректору дагы аралашканбы?

Бөлүшүү:

Интернет айдыңында бир кызыктуу маалымат пайда болду. Анда Медициналык академиянын ректорлугуна жаңы эле келген Индира Кудайбергенова учурунда өлүк сатуу бизнесине аралашкандыгы айтылыптыр. Төмөндө ошол маалыматты өзгөртүүсүз беребиз.

Көпчүлүктүн эсинен кетпесе керек, 1998-жылдан, 2003-жылга чейин Кыргызстанда адамдардын өлүгүн сатуу боюнча ызы-чуу болуп, токтогон окуяны. Анда “ээси жок, сөөктү ала турган кишиси жок” деген жалган документтер менен 720 адамдын “өлүгү” (алардын 19у бир суткадан 8 айга чейинки ымыркайлар) чуулгандуу немис паталогоанатому Гюнер фон Хаггенске сатылып кеткен. Бул 720 кишинин сөөгү “өлүктү” саткандар үчүн да, алгандар үчүн да товарга айланган. Товарга айлаган деп айтуунун себеби бар, анткени Кыргызстанда медициналык тармакты толугу менен колунда кармап тургандар “өлүктөр” үчүн да товардык сертивикат жасатууга жетишкен. Бишкектеги Медициналык академиянын алдында морфология жана полимердик технология институту көп жылдар бою адамдардын өлүгүн ээси жок деген шылтоо менен Германияга жөнөтүп турган. Жөнөткөн адамдар “Ал өлүктөр Германиядан окутуу иштерине көрсөтмө курал катары колдонулуп, кайра келет” деп көрсөтмө беришкен.
Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык окуу куралга керектелүүчү өлүктөр ээси жок же өлүктү албайбыз деген жарандардын жана документи жок, таанууга мүмкүн болбогон сөөктөр болушу керек эле. Бирок тилекке каршы өлкөдөн чыгып кеткен өлүктөр көбүнчө психикалык ооруканадан же түрмөдөн кайтыш болгондордуку жана тууган-уругу барлар эле. Демек, алардын аты-жөнү, тууган-уруктары бар болгон, бирок кылмыштуу схеманын иш аракети боюнча алар эч нерседен кабары жок болгон. Буга Орусиянын “Известия” басылмасынын макаласы мисал боло алат. Бишкек шаарынын тургуну Мамкиев Нарынбай айтат: “Менин агам бар болчу, ал пиво алып келгени дүкөнгө барып, инсульт болуп, ошондон ары ооруканага барып каза болгон. Мен анын каяка кеткенин таппай койгом. Шаардагы моргдордун баарын кыдырып, тапкан эмесмин. Баардык медициналык мекемелерден бизге андай адам түшкөн жок деп айтышты”.

Бирок, бул маселени териштирген депутаттык комиссияны жетектеген Акбокон Таштанбековдун колуна ошол учурдагы каза болгондордун тизмеси тийип калат. Ал Медициналык академияга келип түшкөн өлүктөрдүн тизмесинин арасында Н.Мамакиевдин агасы да бар болуп чыгат. Н.Мамакиев Медакадемияга барып, агасынын сөөгүн бергиле деп талап кылганда аны пластинация институтунун жертөлөсүнө алып кирип, териси сыйрылган өлүктөрдү көргөзүп, “аганды таанып ал” дешет. Мамакиев кебетеси адам чыдагыс өлүктөрдү көрүп, коркконунан качып кетет. Бул бир гана мисал. Мындан оор учурлар бул кылмыш ишинде ондоп саналат. (izvestia.ru/news)
Анысы аз келгенсип Медакадемия дагы, пластинация иниституту дагы өлкөдөн канча адамдын өлүгү чыгып, канчасы кайтып келгенин так билдире алган эмес. Мындан башка 100 адамдын сөөгүн сойгондо, алардын алтоосунун сөөгү физикалык жактан жабыркагандыгы аныкталган. Бул боюнча медэкспертизадан кийин кылмыш иши козголушу керек болчу. Бирок, эч кандай текшерүүгө алынган эмес. Ошол кезде түзүлгөн комиссиянын билдиргенине караганда өлкөдөн 500 адамдын сөөгү мыйзамсыз жана вандализм жолу менен чыгып кеткен.

Ошол учурда күнөө коюлуп, аз гана убакыт жаза өтөсүн деп өкүм чыгарылып кутулган Токтосунов, Мукаев, Шарипова, Турганбаев, Габитовдор жана алардын жан жөөкөрлөрү эле. Ошондо дагы адамдын өлүгүн кордоого жол берип, товарга айлануусуна себепчи болгон чоңдору кармалбай, “чабактары” гана жазага тартылган.
Комиссиянын мүчөсү Асель Мамбеталиеванын айтымында, башчылары коркутуу, сатып алуу жолдору менен белгисиз болуп калууга аракет жасашкан. Ошол учурда бул кылмыштын бетин ачуу мүмкүн эмес эле. Себеби, көптөгөн бийлик адамдары аралашып, коркутуулар абдан масштабдуу денгээлге жеткен.

Бул тууралуу депутаттык комиссиянын иликтөөсү жүрүп, ал комиссияны жетектеген Акбөкөн Таштанбековдун кызын уурдап кетишип, “кызындын өлүгүн алгың келбесе бизге каршы чогулган документтерди бер” дегендерин, учурда айтып берала турган Акбөкөн Таштанбеков азыр да арабызда бар.
Бирок, кандайдыр бир себептерден улам жогорудагы кылмыштарга түздөн-түз тиешеси бар бир адамдын аты көмүскөдө калтырылган. Ал ошол кезде Медициналык академиянын окуу иштери боюнча проректору Индира Кудайбергенова эле. Ошол кездеги комиссиянын кагаздарына саресеп салып, комиссиянын мүчөлөрүнө собол салсаң, таң калыштуу нерсеге күбө болосуң. Өлүктөрдү сыртка чыгарган кагаздардын дээрлик баардыгына ректор эмес, ушул Индира Кудайбергенова айым кол койгон экен. Анткени, окуу курал болуп, кайра келет деген өлүктөрдүн Кыргызстандан чыгып кетүүсүнө ушул айым жооптуу болгон. Мына ошол кылмыштуу топтун мүчөсү азыр кайрадан Медициналык академиянын ректору болуп шайланганы моралдык дагы, адамдык дагы, мыйзамдуулук жагынан дагы акылга сыйбай турган нерсе экендиги баарына маалым. Бул бир гана Индира айымдын акчасынабы, же башка кызматынабы алданып, аны шайлаган бийликтегилердин абийринде…

Али Алиевдин фейсбуктагы баракчасынан алынды

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 82 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: