Мурдагы президенттин уулу Кадырбек Атамбаев соцтармактагы баракчаларына Талас облусуна барып келгени боюнча сүрөттөрдү жайгаштырды. Анан сүрөт алдына:
“Мыкты досум жана бир тууганым Темирлан Султанбеков менен бирге Талас облусуна барып, “Манас Ордо” комплексине жана Айкөл Манастын күмбөзүнө бардык. Ошондой эле К.Медетбеков атындагы облустук музыкалык драмтеатрды көрдүк, дагы башка сонун жерлерди кыдырдык. Биздин барышыбызды уюштуруп, сонун тосуп алган уюштуруучуларга терең ыраазычылык билгизем”, -деп жазган.
Ошол эле учурда аны менен чогуу барган КСДП мүчөсү Темирлан Султанбеков: “Ким менен жолукканыбыз азырынча жашыруун бойдон калсын, бирок бул сапарыбыз парламенттик шайлоого даярдык көрүү менен байланыштуу”, -деди.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ