Menu

Абдышүкүр ажы “азандан чоочубагыла” деди

Бөлүшүү:

Кыргызстан аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр ажы Нарматов азандын үнүн кичирейтүү боюнча оюн билдирди. Ал Бишкектин 12-кичи районундагы мечиттеги жума баянында азан айтылган учурда шайтан ал жерден кача турганын айтып, азандан чоочулаштын зарылчылыгы жок экенин кошумчалады. Ошондой эле ал ММКлардагы “Абдышүкүр ажы бийликти укпай, мечитинде азандын үнүн бийиктетип жатат” деген сөз чындыкка дал келбей турганына токтолду. “Келип текшерип көргүлө, биз эч кандай үндү бийиктете турган аппарат койгон жокпуз. Бул жалган сөз. Калп айтуудан корккула. Эмне, азандан чоочулайсыңарбы? Пайгамбарыбыз өзүнүн хадисинде “Азан айтылган кезде азанды уккан шайтан качат” – деп айткан”, – деди Абдышүкүр ажы Нарматов.

Эске салсак, буга чейин “шаардыктардан даттануулар түшүп жатат” деген шылтоо менен Бишкектин мечиттеринде таңкы жана кечки азандардын үнүн кичирейтүүгө буйрук берилген эле.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 85 − 75 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: