Menu

ИИМ: Алмаз Атамбаев баштаган 16 шектүүгө соттук-психиатриялык-экспертизаларды өткөрүү дайындалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандар соттук-психиатриялык экспертизадан өтүшү шарт. Бул тууралу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы Чүй облусунун Аламүдүн районунун Кой-Таш айылында барымтага алуу жана массалык баш аламандык
фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүштү иликтөөдө. Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн иликтөөдө 16 адам шектүү катары жүрүп, алар оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдалган.
2019-жылдын 12-ноябрь күнү оор жана өзгөчө оор беренелер боюнча шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдалгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесттик кодексинин 171-беренесинин (Экспертизаны дайындоонун негиздери) негизинде 16 шектүүгө карата, анын ичинде Атамбаев Алмазбек Шаршеновичке дагы дайындоо жөнүндө токтом чыгарылып, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык психикалык саламаттык борборуна аткаруу үчүн жөнөтүлдү.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: