Бишкекте алдамчылыкка шектелген 56 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин милицияга 11 арыз келип түшкөнү маалымдалган. Шектүү аялдарга “жол ачкан” деп акча талап кылган.
“Кылмышка шектүү Ошко жеткирилди. Ал өзүн эки ысым менен тааныштырчу. Бири Айчүрөк экинчиси Рахат. Ал кызматтары үчүн минималдуу 10 миң сом, эң көп дегенде 300 миң сом алчу. Кээ бир жабырлануучулар ага “бакытка жол ачыш үчүн” алтын буюмдарын жана уюлдук телефондорун беришкен. Бир арыз ээси насыя алгандыгын жана акчанын баарын бергендигин билдирген. Аял жабыр тарткандарга күйөөсүн кайтарып берүүгө жана бакытка жол ачууга жардам берерин айткан”, – деди милиция бөлүмүнөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ