Menu

Атамбаев түшүргөн абройду Абдылдаев көтөрө алабы?

Бөлүшүү:

Кечээ премьер-министр Сооронбай Жээнбеков тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргенине караганда Абдылдаевге өлкөнүн тышкы саясат чөйрөсүндө аброюн көтөрүү багытында ишке ашыра турган бир катар тапшырмалар берилди. Албетте, президенттин азыркы алешем кадамдары эл аралык мамилеге суу сээп, дос деп жүргөн өлкөлөр бир заматта душманга айланып, абийирди ача баштагыны жакшы көрүнүш эмес. Буга бир эле мисал айтсак – Түркия менен болгон кайым айтышуу. Атамбаев түркчө түш жооруганы менен ишенген досу Эрдогандын тилин таба албай, адаттан тыш билдирүүлөрү менен эки өлкөнүн мамилесин муздатып койду. Орусия менен дагы алака ойдогудай эмес. Мындай шартта тышкы иштер министрин тырыштырып, төгүлүп калган абройду көтөр деп отуруп алуу акылга сыйбаган нерсе эмеспи? Ушуну алдын ала ойлонуп, сөздү айтканда абайласак кантет?

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 42 + = 50

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: