Үркүндү иликтөө боюнча көз карандысыз коомдук комиссиянын мүчөлөрү, бүгүн, 11-августта “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде 1916-жылдагы кандуу окуяларда кыргынга учурагандардын сөөгүн коюшмак. Бирок, буга бийлик уруксат бербей койду. Бул тууралуу экс-депутат, коомдук комисиянын мүчөсү Равшан Жээнбеков билдирди.
“Бийлик, Үркүндө каза болгондордун сөөгүн “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине көмүүгө уруксат бербеди. Коомдук комиссия ал сөөктөрдү эртең, Ыссык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда көмүү чечимин кабыл алдык”, – дейт Жээнбеков.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ