Канжалаган 5 жаштагы Омрандын сүрөтү кайрадан дүйнөнү ыйлатты. Омран Сириянын Алеппо шаарындагы авиа соккулардан кийин, урандынын ичинен тирүү чыкты. Согуштун каардуулугун, кандуулугун, ырайымсыздыгын Омрандын жүзү көрсөтүп турат. Омран жаны ачышып турса да ыйлаган жок. Анткени аны сооротор жан жоктугун сезгендей. Омранга окшогон миңдеген балдар ата-энесинен, бир туугандарынан ажырап жатса, 10 жашка чыкпай канчалаган балдар каза болушууда. Ислам бетин жамынган ИГИЛдер, согушка кызыктар мамлекеттин президенттери бул балдар тууралуу ойлонгон жок. Анткени алардын балдары жандарында ысык тамак жеп, каалагандай ойноп, жыргал жашоо кечирүүдө. Тозоктун түбүнө түшө турган террористтер аялдарды, балдарды өлтүргөнүн токтоткон жок. Миңдеген адамдар өз мекенин, жерин таштап кетүүгө мажбур болушту.
Буга чейин да тынч жашоонун үмүтү менен атасы менен кошо качып бараткан Айлан сууга чөгүп каза болгон эле. Анын жансыз денеси суу жээгине чыгып, дүйнө элин ыйлаткан. Бирок биздин колдон боорубуз ооруганы гана келет экен. Кана эми Омран, Айлан сыяктуу балдарга жардам бере алсак.
Омран, Айлан, силер бүт дүйнөгө балдар коргоого муктаж экенин, согуштун азап экенин, тынчтык керектигин, мээрим, ынтымак, достук баалуу экенин көрсөтө алдыңар.
Айлан тирүү болуп, Омран ден соолугу жакшы болуп, “суранычыңарды айткыла” деген шарт болсо, эки азап таркан инилерибиз Тынчтыкты гана сурамак.
Болгону бизди кечиргиле!
Азамат Абсатаров, журналист
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ