Menu

Кыргызстан дүйнөдөгү коррупциялашкан 30 өлкөнүн ичине кирди

Бөлүшүү:

Ар кайсы мамлекеттеги паракорлуктун деңгээлин аныктоо үчүн көз карандысыз уюмдардын адистери бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнө сурамжылоо кылат. Мында 140 өлкөдөгү коррупциянын деңгээли 1ден 100 баллга чейин ченелет. 100 упай коррупциянын жок экенинен кабар берсе, 0 балл өлкө паракорлукка белчеден батканын билдирет.

Отчеттогу маалыматтарга караганда, 30 жана андан төмөн упай алган 30 өлкөнүн ичинде көбүнчө Африка, Борбор Азия жана Түштүк Америка мамлекеттери бар. Мисалы, 30 упайдан Иран, Украина жана Гамбия топтогон.

Россия, Парагвай, Мексика, Лаос, Гондурас сыяктуу өлкөлөр 29 баллдан алышкан. Баса, булардын арасынан Кыргызстанды дагы көрүүгө болот.

Гватемала, Бангладеш, Мавритания, Ливан жана Кения — 28, Гвинея, Нигерия — 27, Уганда, Никарагуа — 26, Мозамбик, Камерун 25 баллдан алышкан.

КМШ өлкөлөрүнүн ичинен коррупциялашкан өлкөлөрдүн ичинде 21 балл алган Тажикстан бар. Паракорлук эң көп кездешкен төрт өлкө деп Чад (20), Ангола (19), Венесуэла (18) жана Йемен (1б) табылды.

Булак: Мантыш

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 + = 59

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: