Menu

Төлөгөн Наралиев, КСДПчы Апрель Баатыры: “Конституцияны өзгөртүүгө жол бербейли! Мансап-бийликке тойбогон журт башчылар бийликти узурпациялап, Кокон хандыгын орноткону жатышат”

Бөлүшүү:

Кыргыз  мамлекети  эгемендүүлүк алган 25 жыл аралыгында бийлик  башына кимдер келбесин, Башмыйзамды оңдоп-түзөө шылтоосу менен жаңы долбоорлорду алып чыгып элдин башын айлантууда. Акаев, Бакиевдердин Башмыйзамга кол салуусу кандай трагедиялар менен аяктаганынан, азыркы бийлик сабак албай, кайра эле ошол тырмоокту басып жатышкан учуру.

2010-жылы 27-июндагы референдумду эл колдоп бергенине ошол учурдагы Убактылуу Өкмөт жана азыркы бийлик башындагылар тобо кылса болот эле. Эл түшүнгөн, ал убакта кырдаал талабын, өлкөбүз тез арада мыйзам талаасына кирүүсү зарыл эле, башка мамлекеттердин таануусу керек деп, эл кезеке туруп колдоп берди эле. Азыр Башмыйзамды өзгөртүүгө эмне түрткү болууда? 2020- жылга  чейин өзгөртүлбөсүн деп бакыйып жазылып турбайбы. Анда эмне азыркы конституцияны өзгөртүү демилгесин көтөрүп чыккан КСДП партиясы элдин кызыкчылыгы менен эсептешпейби?

Мен да КСДПнын активдүү жергиликтүү лидерлеринин бири катары, бул партиянын жогорку бийликке келишине зор салым кошкон инсан катары өз пикиримди айтууга моралдык укугум бар. Мен бул партияны Башмыйзамды уруп ойнобой, элдин мүдөөсү менен эсептешпей өз билгенин кылсын деп колдогон жок элем. Мунун артында Башмыйзамды өзгөртүүнү элге таңуулап, бийликтин аракетинин аркасында журт башчылар бийликти кайра эле узурпациялап, авторитардык доор жүргүзүү максаты экени ачык эле көрүнүп турбайбы! Түшүнгөн адамга булардын каалаганы “Кокон хандыгын” орнотуу болуп жатканы жашыруун эмес.

Башмыйзамдын  “атасы” делген Текебаев мырза айткандай, көмүскөдө олтуруп, Мамлекетти Польшадагы “серый кардинал” Качиньский башкарган жолго түшүү болуп эсептелет. Мен Текебаев мырзага симпатиясы барлардан эмесмин, бирок туура сөздү туура деп айтуу керек. Бирок Жогорку Кеңеш каникулга тараардын алдында Текебаевдин “Мезгил жана учур талабына ылайык БашМыйзам өзгөртүлүп туруусу абзел”деп айтканы бар. Азыркы айткандары ал сөздөрүнө карама-каршы келип, бул кишинин кош стандарттуу ой жүгүртүүсүнө далил болуп жатат. Саясаттагы карт бөрү Текебаев мырзанын бул кадамы эки жүздүүлүк эмеспи?! Же Атамбаев айткандай кайра дагы эки жээке бутун талтайтып жатабы, же чөгүп бара жаткан кемеден келемиштер биринчи болуп качат жолубу?!

Кандай болсо да, мансап-бийликке тойбогон адамдарды Кудайга коёлу. Азыркы учурда элден суранаарыбыз, Башмыйзамды өзгөртүүгө жол бербейли! Түздөн-түз Кокон хандыгынын дооруна кептелээрибизден күмөн жок. Ырас Башмыйзамдын өзгөртүлүүсү тарыхый жана саясий процесстерден келип чыгат, бирок бийлик системасынын кызыкчылыгы эмес, элдин мүдөөсү биринчи орунда болушу керек. Элдик Курултай институту, сот системасында “Элдик заседателдер”,  Аксакалдар Соту институтун мыйзамдаштыруу жана башка көйгөйлүү маселелер толтура, бул кийинки маселе деп айтаар элем. Азыркы маселе – Башмыйзамдан колуңду тарт мансапка тойбогон бийлик! Талас Элинин тайманбастыгы болбосо Революция ишке ашып, азыркы бийлик доор сүрөт беле бир Кудай билет  жана экс-президент Роза Отунбаева айткандай:”Элдин каны менен кабыл алынган Башмыйзам”. Элибизге тынчтык, ынтымак жана бүтүндүк керек!

Төлөгөн Наралиев, КСДПчы Апрель Баатыры,  экс-аким,  “Акыйкат”  кыймылынын төрага орун басары,  Талас  облусу .                            

                    

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − 49 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: