Экс-депутат Болот Шер (Шерниязов – ред.) КР Жогорку Кеңешинин 5-чакырылышында депутат болуп жүрүп, атамекенчилерди мародер атаган Таластык инилери, премьер-министр Өмүрбек Бабановду атып салам деп тапанчанын огун жөнөткөн. Ошол кездеги Ички иштер министри Зарылбек Рысалиевди далилдеп бере албасан көргүлүктү көрөсүң деп атырылган. Анан бир топ жылдар катуу душмандашып жүрүшкөн болучу. Эми 2017-жылдагы президенттик шайлоого карата Атамбаев баштаган Чүй кланынын кыйтыр оюндарын көрүп, душмандашкан таластык инилерин чакырып, кырчылдашкан саясый оюндарда бир бололу деп жарашыптыр. Азыр аларды көрсөң таң каласын дешет айланасындагылар, бири-бирин “сиз-сиз” деп, тез-тез “чайлашып”, баягы душмандашуудан из жок. Муну угуп, кыргыздын ынтымагы арта берсин деп биз да кубанып турабыз.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ