Бакай-Ата райондук ооруканасында (жалпы дарыгерлик практикалык борбор) коррупциялык алешемдиктин аягы көрүнбөйт. Борбордун директору Жылдызкан Токтосунованын айтымында, “ушул иштерден тажап бүтүптүр.” Тажаганына министр Т.Батыралиев күнөөлүүбү же ал өзүбү – азырынча белгисиз. Башкы эсепчи А.Ш.Сатымкуловдун ишине байланыштуу 2 кылмыш иши тергелип, сотко ашкан. Суу насосун мыйзамсыз сатып алуу боюнча КР КЖКнын 304-ст. 2-6. менен айыпталып, райондук сот 4 жылга эркинен ажыратып, бирок КР КЖКнын 68-ст. боюнча жазадан бошотулган. Облсот райондук соттун бул чечимин күчүндө калтырган.
Экинчи кылмыш иши пара берүү боюнча КР КЖКнын 314-ст. 26. 1-п. менен ачылып, Талас шаардык соту 10.06.2016- ж. А.Ш.Сатымкуловду 500 миң сом айыпка жыккан өкүм чыгарган. Ал өкүмдү да облсот 18.07.2016- ж. күчүндө калтырган. Оорукана боюнча эми үчүнчү кылмыш иши облпрокуратурада 2016-ж. март айынан бери иттин ичегисиндей чубалууда. КР КЖКнын 304-ст. 2-6. менен ачылган кылмыш ишке бухгалтердик текшерүү жүргүзүү үчүн аудиттик текшерүүгө өтүнүч катты 14.10.2016-ж. гана жөнөтүшкөн. Кылмыш ишти созо берсе, ал саан уйга окшоп сүт бере береби? Баш прокуратура мындай иштерге көзөмөл жүргүзбөйбү?
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ