Menu

Муфтият Чоң-Алай жана Өзгөндөгү жаратылыш кырсыгынан жабыркаган 8 үй-бүлөгө үй курууга 2 800 000 сомдук акчалай жардам көрсөттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 13-июлда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгы тарабынан Ош облусунун Өзгөн районундагы Аюу-Сай жана Жалпак-Таш айылындагы жер көчкү жана Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн жабыр тарткан 8 үй-бүлөөгө үй куруп берүү үчүн акчалай жардамдарды тапшыруу аземи болуп өттү.
Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махамаджанов, Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгынын аппарат жетекчиси Абибилла Кадырбердиев, КМДБнын башкы бухгалтери Жеңишбек Бекиев, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев жана өкүлчүлүктүн кызматкерлери катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махамаджанов сөз сүйлөп, өткөн айдын аягында Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев баш болгон өлкө аймагындагы казылар Ош облусунун Өзгөн жана Чоң-Алай райондорундагы жаратылыш кырсыктарынын кесепетинен жабыр тарткан мекендештерибизден кабар алып, жалпы 8 үй-бүлөөгө үй куруп берүү демилгесин колго алышып, учурда үй куруу үчүн акча каражаттарын тапшырууга келишкендигине Губернатордун атынан ыраазычылык билдирип, жалпы мусулмандардын башында турган Муфтияттын демилгеси бардык мекендештерге үлгү экендигин баса белгиледи. Ошондой эле курулуш материалдарын сатып алууда жана жеткирүүдө атайын арзандатылган баада кызмат көрсөтүүчү жеке тараптар менен да макулдашуулар жургүзүлүп, бардык тиешелүү жардамдар берилээрин кошумчалады.

Андан соң Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгынын аппарат жетекчиси Абибилла Кадырбердиев Муфтият тарабынан өткөн айда Өзгөн жана Чоң-Алай райондорундагы жаратылыш кырсыктарынын кесепетинен жабыр тарткан жарандарга гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн уюштурулган иш-сапардын алкагында Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин демилгеси менен 2017-жылдагы орозо-битирдин эсебинен турак-жайынан ажыраган 8 үй-бүлөөгө үй куруп берүү убадасы берилгендигин айтып, бүгүнкү күнү тапшырылып жаткандыгын айтып өттү.
Азирети Муфтийдин аталган тапшырмасын ишке ашыруу максатында 8 үй-бүлөнүн ар бирине 350 миң сомдон жалпысы 2 800 000 сом акчалай жардам бөлүнүп берилди. Бул каражат үйдү куруудагы курулуш материалдарын толугу менен камсыздоого көмөкчү болмокчу. Андан соң Өзгөн районундагы жер көчкүдөн жабыр тарткан 4 үй-бүлөгө, Чоң-Алай районундагы жер титирөөдөн жабыр тарткан 4 үй-бүлөгө 350 миң сомдон акчалай жардамдарды тапшырды.

Жардам алган үй-бүлөлөрдүн тизмеси:

Чоң-Алай району
1. Мамажусупов Паяз
2. Эркебаев Эрали
3. Маданов Бекболот
4. Арпидинов Али

Өзгөн району
1. Ысманов Жаныш
2. Ысманали уулу Бекболот
3. Козубаев Абылкасым
4. Сатаров Ашим

Жыйындан соң Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаевдин жетекчилигинде жеке ишкерлер менен сүйлөшүүлөрдүн негизинде жогоруда аталган 8 үй-бүлөөгө арзандатылган курулуш каражаттарын сатып алып берүү иштери жүргүзүлдү.

Эскерте кетсек, жогорудагы турак-жай куруу үчүн жардам алууга муктаж жарандарды аныктоо процесси жергиликтүү элдин тандоосу менен ишке ашырылган болчу.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 + = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: