Бүгүн, 22-августта Аксы районунун борбору Кербен шаарына жанаша турган кыргыздын Унгар-Тоосуна Өзбекстан Ички иштер министрлигине караштуу куралчан 7 аскер вертолет менен кирип келишкен. Бул тууралу КР Чек ара кызматы билдирди.
Кыргыз чек ара кызматы бул жерди макулдашылбаган участок, ошондуктан Өзбекстан тараптын аракеттери мыйзамсыз деп эсептейт.
Унгар-Тоо совет жылдарында эле Кыргызстандын территориясында болуп, ал жерге Аксы жана Ала-Бука райондору үчүн телемунара жана ретранслятор курулган. Акыркы жылдарда Өзбекстан ал жерге доомат артып, талаша баштаган.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ