Menu

Жогорку сотто Ысык-Көл облусунун жергиликтүү сотторунун жаңы шайланган судьяларынын ант берүү аземи болуп өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн,  26-августта, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда Жогорку соттун судьяларынын катышуусунда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Түп, Тоң, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондук жана Каракол шаардык сотторунун жаңы шайланган судьяларынын салтанаттуу ант берүү аземи болуп өттү.

Жаңы дайындалган судьяларды Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрайымы Айнаш Токбаева: “Урматтуу жаңы дайындалган кесиптештер, сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьяларынын жана Жогорку соттун жалпы жамаатынын атынан ийгиликтүү тандоодон өтүп, дайындалганыңыздар менен куттуктайбыз. Тандап алган сот адилеттигин жүзөгө ашырууну аркалаган кызматыңыздарда тазалыкты, адилеттүүлүктү жана арбын ийгиликтерди каалайбыз” – деп өз сөзүндө куттуктады.

Ысык-Көл облусунун райондук сотторунун жана Каракол шаардык сотунун жаңы шайланган судьялары:

Ысык-Көл райондук соту – Акматова Мээрим Маматкадыровна, Джусупбекова Космира Айтакуновна, Сыдыков Акылбек Ишенбекович;

Түп райондук соту – Абдивалиев Айбек Мурзаалиевич, Астаев Батырхан Алтынбекович, Мамытов Канатбек Рысбаевич;

Тоң райондук соту – Сыдыгалиева Асел Бабановна, Соодонбеков Сабыр Конуратович;

Ак-Суу райондук соту – Ибраимов Нурдин Жолдошмаметович;

Жети-Өгүз райондук соту – Бекбулатов Айбек Бектурсунович, Шаршеев Адилет Нуркамильевич;

Каракол шаардык соту – Иманбеков Ильяс Ринатович, Суранчиев Уланбек Жекшеналиевич.

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев 2016-жылдын 24-августунда «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө» Жарлыкка кол койгон.

Жаңы шайланган Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл, Түп, Тоң, Ак-Суу, Жети-Өгүз райондук жана Каракол шаардык сотторунун судьялары биринчи жолу 5 жылдык мөөнөткө дайындалышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: