Menu

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Москвадагы трагедияга байланыштуу республика боюнча траур жарыялоону бийликке сунуштады

Бөлүшүү:

Трагедия болду, ал биздин көз алдыбызда болуп өттү. Түз эфирден биздин ыйлаган, жардам сураган кыздарыбызды көруп, алар менен кошо кейип, өрттөлгөн имараттын ичинде калган кыздарыбыздын аман-эсен куткарылышын кудайдан тилеп турдук. Тилекке  каршы  куткаруучулар үлгүрбөдү…

Биздин кайгыбыз, алыстан болсо да көрүп туруп,  жардам бере албагандыгыбыздан, аргасыздыбыздан ого бетер күчөп турат. Жаш кыздардын өмүрү үзулду, ар биринин өзүнүн ой-тилеги жана максаты бар эле. Алар үй-бүлөлөөлүү болсом деп, үй-бүлөсү барлар балдарынын жана ата-энелеринин сүйүнучүн көрсөк деп тилек кылышкан. Балдары кантип биринчи жолу мектепке барганын, чоңойгонун жана  үйлөнгөңүн көргусү келишкен. Ата-энелери жана алыста калган туугандары менен жолугуп аларды кубандыргысы келишкен. Бул кадимки эле адамдын тилеги, ар бирибизге түшүнүктүү тилек. Ошондуктан бүтүндөй кыргызстандыктар бул трагедияны өзүнүкүндөй кабыл алды. Бул трагедия биздин үй-бүлөбүздө болгондой,  кызыбыз же карындашыбыз менен эле болгондой болду.

Бул трагедия дагы бир жолу үй-бүлө тиричилигинен баштап, улуттук экономиканынын жүгүн биздин кыз-келиндер көтөргөнүн көргөздү. Биздин мигрант кыздарыбыз, карындаштарыбыз бөтөн эл, бөтөн жерде жүрүп, иштеп тапкан акчасын озүнө коротпой жыйнап, токпой-чачпай  Кыргызстанга жөнөтүп, озунун үй-бүлөсүн гана эмес  бүтүндөй Кыргыз экономикасын колдоп келе жатышат.

Кыздарыбыздын өлүмү- бул улуттук масштабдагы трагедия. Ошон үчүн биз өкмөткө республика боюнча траур жарыялап кыздарыбын элесин эскерип, акыркы жолго татыкатуу узатып коюуну сунуш кылабыз.

Бул трагедиядан кыргыз өкмөтү жыйынтык чыгарсын.

Каза болгон кыздардын ата-энесине, жакындарына терен кайгыруу менен көнүл айтабыз. Биз эле эмес бүтүндөй кыргыз эли кабыргасы кайышып, сиздердин кайгыңыздарды тең бөлүшүп турат…

Ө.Текебаев,

«Ата Мекен» партиясынын төрагасы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 6 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: