Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Нурлан Мотуевди 7 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарды.
Сот Санжар Чотонов айыпталуучу Нурлан Мотуевдин ишин карап көрүп аны КР Кылмыш-жаза кодексинин 226-3 – террористтик ишмердикти ишке ашырууга ачык чакыруу беренеси боюнча жана 299 б.1- диний аралык ажырымды козутуу беренелери менен 7 жылга түрмөгө кести.
Нурлан Мотуев быйыл 12-майда “Элдик парламенттин” жыйынына катышып, Ислам мамлекетинин лидери Ал-Багдадини мактап сөз сүйлөгөн жана жыйынга катышкандарды шариаттын мыйзамдары менен жашоого чакырган. Ошол күнү Улуттук коопсуздук кызматы кылмыш ишин ачып, кийин Нурлан Мотуевди камакка алган.
Булак:Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ