Menu

Некролог – Алымбеков Эркин Жумабаевич

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасы оор жоготууга учурады. 2016-жылдын 29-августунда 55 жаш курагында III жана V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Эркин Жумабаевич Алымбеков дүйнөдөн кайтты.

Эркин Алымбеков 1961-жылдын 5-ноябрында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Жаңы-Арык айылында туулган. Ал Москва шаарындагы Орджоникидзе атындагы Башкаруу институтун “курулуштагы жана шаар чарбасындагы башкарууну уюштуруучу” адистиги боюнча аяктагандан кийин 1983-жылы эмгек жолун Айыл чарба министрлигинде экономист болуп иштөөдөн баштаган. 1984-1988-жылдары Фрунзе өндүрүш-бут кийим бирикмесинде алгач экономист, кийинчерээк цехтин начальниги болуп иштеген. 1988-жылы Кыргызстан комсомолунун Свердлов райкомонун биринчи катчысы болуп шайланган. Андан соң Чакан бизнес ассоциациясынын менеджери, “Кыргызстан биримдик партиясынын” аткаруу комитетинин төрагасы, Бишкек мэриясынын Октябрь райондук администрациясынын башчысынын биринчи орун басары, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын корпоративдик башкаруу секторунун башчысы, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын жардамчысы, “Каракол” коомдук фондунун президенти кызматтарын аркалаган.

2005-жылдын мартында Э.Алымбеков III чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп, ошол эле жылдын апрелинде Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары болуп шайланган.

2010-жылы октябрда “Ата Мекен” социалисттик партиясынын тизмеси менен V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган. Жогорку Кеңештин Адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетине төрагалык кылган.

Мамлекеттик кызматтын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси чинине ээ.

Эркин Жумабаевич Алымбеков республиканын коомдук-саясый турмушуна жигердүү катышып, Конституциялык кеңешменин мүчөсү, өлкө жарандарынын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүнө байланыштуу бир катар мыйзам долбоорлорунун демилгечиси болгон.

Кыргыз элинин ишенимдүү уулу Эркин Жумабаевич Алымбековдун жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат.

Ч. Турсунбеков, С. Жээнбеков, Н. Алимбеков, А. Өмүрбекова, , М. Абулгазиев, И. Өмүркулов, Ө. Бабанов, К. Исаев, Б. Төрөбаев, А. Сулайманов, Ө. Текебаев, А. Кутушев, А. Осмоналиев, А.Бегматов, А.Шыкмаматов, С. Шер-Нияз, А.Салянова, Н.Никитенко, А.Маматов, С.Нышанов, К.Иманалиев, Б.Сулейманов, А.Мамашова, Э.Токтошев, К.Базарбаев, Б.Шер, А.Сасыкбаева.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 − 49 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: