Menu

Өрттөн каза болгондордун сөөгүн алып келген атайын борт Бишкекке конду

Бөлүшүү:

Кечээ, 29-августтун түнүндө, «Манас» Эл аралык аэропортуна Москвадагы өрттөн каза болгондордун сөөгү алардын жакындарынын жана  Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Гулмира Кудайбердиева башында турган жумушчу топтун коштоосунда Бишкекке алынып келинди.

Аэропортто «200-жүктү» Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчиси Фарид Ниязов, парламенттин вице-спикери Нурбек Алимбеков, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов, “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канат Исаев, саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев, Чүй жана Ысык-Көл облустук администрациясынын өкүлдөрү тосуп алышты.

Ысык-Көл жана Чүй облустарынын каза болгон жарандарынын сөөгү ӨКМ өкүлдөрү тарабынан Бишкектен туугандарына берилет.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан Москвада каза болгон мекендештердин тизмеси жарыяланган.

Кыргыз Республикасынын каза болгон жарандарынын тизмеси:

1. Жумадылова Нурай Азаматовна, 10.09.1998-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Аксуу районундагы Акбулуң айылынын тургуну;

2. Бообекова Гүлбара Жумабековна, 16.07.1971-жылы туулган, Чүй облусунун Кемин районундагы Кемин шаарынын тургуну;

3. Раимкулова Динара Исмаиловна, 10.08.1983-жылы туулган, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызкөл айылынын тургуну;

4. Абдуганиева Жаркынай Убайдуллаевна, 16.02.1982-жылы туулган, Ош облусунун Ноокат районундагы Төлөс айылынын тургуну;

5. Базарбай кызы Айсулуу, 01.01.1993-жылы туулган, Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылынын тургуну;

6. Азимжан кызы Махигүл, 03.12.1995-жылы туулган, Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районундагы Курулуш айылынын тургуну;

7. Камчыбекова Алмаш Курманбековна, 27.01.1998-жылы туулган, Ош облусунун Өзгөн районунун куршаб айылынын тургуну;

8. Топчиева Алина Хусановна, 05.05.1994-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну;

9. Абдаким кызы Айкөл, 19.01.1993-жылы туулган, Ош облусунун Алай районундагы Кабылан айылынын тургуну;

10. Канатбек кызы Алина, 08.02.1994-жылы туулган, Ош облусунун Ноокат районундагы Төлөс айылынын тургуну;

11. Коргонбай кызы Жаңылмырза, 12.02.1995-жылы туулган, Ош облусунун Кара-суу районундагы Кара-Дөбө айылынын тургуну;

12. Маматкасымова Индира Идрисовна, 18.08.1977-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Кара-Кол шаарынын тургуну;

13. Алабердиева Кыял Дөлөткелдиевна, 25.04.1986-жылы туулган, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Челпек айылынын тургуну;

14. Абдумаматова Айчүрөк Баитовна, 24.03.1990-жылы туулган, Ош шаарынын тургуну.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 17 − 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: