Menu

“Кощей”

Бөлүшүү:

Жалал-Абад облусунун «Тогуз-Торо» районунда жайгашкан «Макмалалтын» комбинатынын ЗИФинин начальниги Исмаилов Алмаздын кылык- жоруктары туурасында редакцияга кабарлашты. Бул жигиттин комбинаттагы ишмердүүлүгү Бакиевдер бийликке келгенден кийинки 2006-жылдан бери башталат. Андан бери ишиндеги тескери былыктары үчүн бир нече жолу иштен айдалып, бирок арадан көп убакыт өтпөй, кандайдыр бир себептер менен кайрадан ишке орношуп, кылы кыйшайбай иштей бергенинен улам кесиптештери «Кощей» деген каймана ат ыйгарышкан экен. Акыркы жолу иштен айдалгандан көп өтпөй, 2017-жылы июлда аталган комбинаттын ЗИФинин начальниги болуп кызматка орношуптур. Натыйжада Исмаиловдун ишке орношконунан соң 2017-жылдын ноябрь-декабрь айындагы планы толбой, 5-6 килограмм алтын жетпей калыптыр. Исмаиловдун жоопкерчилиги сөгүш жарыялануу менен гана чектелиптир. Бул жигит ар дайым жогорку жактын атын сатканды адатка айлантып алганы айтылууда… Бизге түшкөн маалыматты тереңден иликтеп жатабыз… Кийинчерээк факты, далилдер менен кенен маалымат беребиз…

Булак: Фабула 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 37

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: