Menu

Табылды Акеров, саясат талдоочу: “Атамбаев кечээ конституциялык өзгөртүүлөргө каршы чыккандарды аябастыгын, кыӊк дегендин баарын камоого даяр экендигин билдирди”

Бөлүшүү:

Табылды мырза, 31-августтагы президенттин кечээги үзөӊгүлөштөрүнүнө айткан пикирине кандай баа берип атасыз?

-Бул билдирүү бийлик колунан эч нерсе келбесе да, ал бийлик экендигин билдирген билдирүү болду. Өтө өкүндүм. Мен күткөн эмесмин. Бул өтө коркунучтуу билдирүү болду. Президенттин бул билдирүүсү өтө  эмоционалдуу болуп, элди, саясатчыларды экиге бөлүүгө, ынтымакка, биримдикке жарака жаратуучу билдирүү болдубу деп корктум.

Ачык айтканда президент конституция боюнча Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрүн бир эле маселе – Конституцияга өзгөртүүгө киргизүүлөргө каршы болуп жаткандыктарына байланыштуу кескин сынга алганы кызык.

Бир эле маселе үчүн ушунча катуу сынга алуу жана аларды жоопкерчиликке тартуу маселесин кабыргасынан коюп жатышы провокацияга тете көрүнүш болду. Бул билдирүү эч кандай конституциялык нормаларга жатпаган, саясий жана сөз эркиндигине карама-каршы келген билдирүү болду.

Президент Атамбаевдин конституциялык өзгөртүүлөргө каршылар эч аёосуз жазаланат дегендей сүр көрсөтүп, коркутуп коюу аракети ачык байкалып турду. Муну менен Президент Атамбаев кандай гана болбосун конституциялык өзгөрүүлөрдү жасай тургандыгы, ал үчүн эч кимди аябастыгын, кыӊк дегендин баарын камоого даяр экендигин билдирди. Башкача айтканда, бул маселе боюнча сындын, каршылыктардын аз болушун талап кылып жаткандыгы көрүнүп турду.

Баарынан коркунучтуусу президент А. Атамбаев бул билдирүүсү менен бүгүн конституциялык реформаларды жүргүзүүгө эч кандай себептер жок экендигин ачык көрсөтүү. Себеби, ал өз сөзүндө эмне үчүн конституциялык реформаларга барып жаткандыгын так, ачык белгилей алган жок. Меселенин бул жагын ал ар кандай шылтоолор менен негиздөөгө аракет кылды.

Бирок, конституциялык рефорлардын себептери таптаза башка жакта жаткандыгы анык байкалып турду. Кыязы, президент өзү бийликтен кеткенден кийин, саясий конфигурация өзгөрүп кетип, өзү да жоопкерчиликке кабылып калбагай элем  деп, чоочуркап, ошол негизде конституциялык реформаларды жасап, азыркы саясий конфигурация бир топ жылдарга чейин өзгөрбөй турушун каалап жаткандыгы анык болуп жатты.

Бул максатка жетиш үчүн президенттик шайлоолордо өзү каалаган кандидатка өзгөчө артыкчылыкты камсыздап коюу күндүн талабы болуп жаткандыгы так жана даана байкалып турду. Жыйынтыктап айтсам, бул билдирүү бийлик колунан эч нерсе келбесе да, ал бийлик экендигин билдирген билдирүү болду. Бул президентке да, элге да кереги жок билдирүү болду. Кыргызстанда эч ким эч кимден коркпойт, эч ким, эч кимге эч нерсени далилдей албайт. Бул кыргыздардын канындагы нерсе экени 2 революция анык көрсөттү. Кыргыз эч кимге баш ийгиси келбейт, баш ийбейт. Эл Акаев, Бакиевден да корккон эмес. Анан калса, учурунда Ак үйдү автомат менен кайтарам деп убада берген Бакиев бүгүн каякта тентип жүргөндүгүн эл жакшы билет эмеспи.

Булак: “Азия-Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 61 − = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: