Бүгүн, 18-октябрда УКМКнын тергөө абагында отурушкан Бишкектин мурдагы мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун сот отуруму уланууда. Бүгүнкү сотко келген Кулматовдун тууганы соттун ишине жолтоо болуп, каяша айтышкан. Жыйынтыгында ал залдан чыгарылды.
Эске сала кетсек, К.Кулматов «Бишкектеги Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууга бөлүнгөн 2 миллион долларды максатсыз пайдаланып, жемкорлукка барган» деген айып менен камакта отурат. Ал эми А. Ибраимов «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айып менен соттолууда. Бирок, экөө тең мындай айыпты четке кагып келишет.
Булак: Kyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ