Жогорку Кеңеште чириген байлыгынын аркасы менен келгендер арбын эмеспи. Алардын бири кадимки «карт бөрү» Үсөн акенин уулу Бактыбек Сыдыков. Эскинин саркындысы. Кезинде президент Курманбек Бакиевдин самолетун жардырып ийип жалпы журтка таанымал болгон. Анысы үчүн бир ооз жооп да берген эмес. Мына ушул тагдырдын талтаңдаган эркеси бүгүн Жогорку Кеңеште олтурат. Эми жөн олтурбай, учурдагы бийликке сүйкөнүп сын айтып жүрөт. Оозуна келгенди оттоп. Башкасы бүтүп калгансып, жогорку деңгээлде өткөн экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюну тууралуу пикирин билдириптир. «Азыркы президент Алмазбек Атамбаевдин ордунда Курманбек Бакиев болгондо Көчмөндөр оюнун мындан 10 эсе мыкты деңгээлде уюштуруп коймок. Ал кишинин ойлонуу жөндөмү укмуш болчу» деп айтканын эшиттик. Мактоого баракелде! Бакиевди «сагынып» атса, анда Минск токоюна барып, торопой атып ойноп жүрө бербейби. Деги ушул Бакыт Сыдыковго окшогондордун баскан жолун териштире турган тиешелүү тармак барбы өзү?
Булак: Де Факто
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ