Президент Алмазбек Атамбаевдин талап-тоноочулар жазасын алаары тууралуу кескин эскертүүсү Өмүрбек Текебаевдин безине тийиптир. Кайран киши “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телепрограммасына келип: “Атамбаев мародерлорду билсе келип таппайбы, мына дагы бир жылы бар. “Мародерду” жакшы издесе ал өзүнүн партиясынан чыгат. Эгер таба албаса, мен жетелеп барып өзүм көргөзөм. Атамбаев, мен Текебаевмин, мен эч жакка качпайм. Бир жылың бар, тап. Таппасаң мөөнөтүң бүткөндө өзүм сүйлөшөм. Эркек болсоң тап. Мен Текебаев эркекмин. Мен эч жакка качпайм», – деп күпүлдөдү. Чын эле эркек болсо, мародерлорду билсе, өзү айткандай жетелеп барбайбы? “Мына менден көрүп жаттың эле, мародер ушул”, – деп саясий чайкоочулук кылбай. Кызык, колунан жетелеп барам деп талап-тоноочулук боюнча учурунда аты аталган партиялаштарын айтып жаткан жокпу..
Булак: Фабула
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ