Menu

Убалдан коркчу, “KG ГРУПП”

Бөлүшүү:

Сөз деген улуу касиет деп келебиз. Жигитчиликте бир гана «сөзүңө тур» деген сөз тирүүлөй өлтүрүп коёт. Муну анык жигиттер гана түшүнөт. Акындар «Сөз тоңдурат, сөздөн жалын от чыгат. Жакшы ишиңди жаман сөзүң жок кылат» деп сүрөттөшкөн. Бирок ошол эле маалда сөз менен далайларды сызга олтургузгандар арабызда жок эмес. Дегеним, «KG Групп» деген аталышта көп кабаттуу үйлөрдү курган курулуш компания бар. Имамидин Ташов деген жаш жигит жетектейт. Айрым учурларда ар кандай иш-чараларга демөөрчү болуп, реклама катарында аларга аралаша калмайы бар. Акыркы кезде бул жигитке нааразы болгондорду кадам сайын кезиктирчү болдук. Көрсө бул компания «атыла элек аюнун терисин пулдап», үй алам дегендердин бир топ суммадагы акчасын алып алышат экен алдын-ала. Анан убадалашкан мөөнөтүндө үйдү бүтүрбөй, айлап-жылдап жүрө бергенин айткандар четтен чыгууда. Үй алам деген байкуштар батирден батир алмаштырып, айласы кетип жүрүшөт.  Алардын  убал-сообу кимге?

Булак: “Де-Факто”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 4 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: