Menu

Сабыр Муканбетов, журналист: “Атамбаев ачууга алдырып, аша чаап, эски досторун боктоп, кууп салды”

Бөлүшүү:

Алмазбек Атамбаев көз карандысыздыктын 25 жылдыгына арналган мааракеде ачууга алдырып, аша чаап, референдум өткөрүп, Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыккан апрель революциясындагы соратниктерин боктогондон бери бир жума өтө элек. Президентибиздин капилеттен жасалган бул демаршы өлкөнү өпкөгө “дүңк” эттире бир койгондой эле болду. Коомчулук тең жарыла экиге бөлүнүп, бири каршы, бири за болуп эле жатып калдык.

Тараптарга ашкере берилип, кызмат өтөгөндөрдүн рейтинги артып, пландалбаган кирешеге карк болуп, дүжүрлөрдүн курсактары чедирейсе, башкаларынын абийирлери айрандай төгүлүп, Көчмөндөр оюну менен Үңкүр-Тоонун аркасынан Ала-Тоонун коюн-колтугунун “шаңы” чыгып, эртеңкибиз тумандап турган чак.

Коомду кокту-колотко бөлүп, такты талашкан эргулдардын көпчүлүгү “Текеге” (Өмүрбек Текебаев) ишене албай, “Кабыланга” (Алмазбек Атамбаев: “Иттин ээси болсо, кабыландын Кудайы бар” дегенден кийин Форумдагы оппозиция аны “Кабылан” атап калганыбыз бар) каршы батына албай, кыйналган келинчектин ролунда… Же сүйгөнүнө жете албай, же калың бергенге кете албай, эки анжы.

“Битке өчөшүп, көйнөгүн отко салган” ажо ачууга алдырып, эски досторун боктоп, кууп салып, ишеним артууга болбой турган, мурун бир эмес эки кожоюнду удаа саткан ит-куштун арасында калганын туйган-туйбаганы так белгисиз болгону менен кандайдыр бир деңгээлде абдырай түшкөнү Ата Бейитте байкалды. Санаркоо күч болуп, алакачтырбай, тексттен чыкпай, тал-төөндөй туруп бергени ошондон болсо керек.

Каршылашкан тарап деле адегенде психиатрия темасына чейин жетип катуу кетип жатканы менен кийинчерээк айткан пландарын аткаруу иштери солгун. Анткени, Курултайды уюштуруу иштери боюнча комиттеттин жыйыны болгон-болбогону, эмне деген чечимге келегени ЖМКларга жарыяланбай жымжырт бойдон калып, маалымат согушунда таптакыр эле жокко эсе күчтүн ролун чагылдырышууда.

“Отунбаева Европага кетиптир, качыптыр, келбейт экен. Өмүрбек Текебаев, Эмилбек Каптагаев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Равшан Жээнбеков ж.б. камалат экен” деген сыяктуу маалыматтарды коштогон оппозициялык көз караштагылардын аракети байкалбагандыктан, мындай маалыматтарга ишеним арта баштагандардын саны артууда. Серепчилер бийликке каршылаш тараптардын камап-матоодон чочулаганынын негизги себептеринин бири катары оппозициянын жалпы элдик колдоого ээ эместигине, б.а. массовкасы (пушечное мясо) жоктугуна байланыштырууда. “Кабылан” да ошондой жагдайдан улам катуу кеткен билдирүүлөрдү жасап, ва-банк кетип жатканын айтышууда.

Карапайым калктын кайдыгерлиги тууралуу кеп болгондо, элдин көтөрүлүшкө болгон ишеними кайтканы айтылууда. “Асанды кууп, Үсөнгө бергенден пайда жок, элдин чекеси жылыбагандан кийин эмнеге делдектейбиз! Бири өлүп, бири калсын, андан көрө бекер концерт көрүп, карап турган жакшы” деген кептер басымдуулук кылууда. Калктын апатиялык маанайын көрүп турган “Кабылан” да “булар келсе мага көр казат экен, андан көрө ал-күчүм барында булардын эки бутун бир кончко тыкпаймынбы” деп күүлөнүп алгандай.

Ошентип, саясаттын мындан аркы өнүгүшү “Теке” менен “Кабыландан” көбүрөөк көз каранды болуп тургандай. “Теке” артка чегинеби? “Текени” камаса кандай болот? Тынчыса бүттү, “Кабылан” жеңгени ошо!” деген эле кептер. Текебаев деле ва-банк кете албайт, “артка чегинет” дегендердики деле чындыкка жакын. Анткени, Текебаевдин аброюн көтөрүп келген “Ата Мекен” бүгүн жок. Бакыт Калмаматов, Жоомарт Сапарбаев, Турат Мадылбеков, Ташболот Балтабаев, Асия Сасыкбаева сыяктуу бешинчи чакырылышта “Текени” коргоп келгендерди кидать этип жатса, Эркинбек Алымбеков сыяктуу ак жүрөк жигит о дүйнө салып жатса, “Текени” ким коргомок эле? Олигархтын чүрпөсү Айсулуу Мамашева (350 миң доллары менен), дунганенек Бахадур коргомок беле? Каныбек Иманалиев “Феликстин көчүгүнө суу куйгандай “Текеникине” да куйсам, ажого жагам” дегенби… айтор, ар бир мандатты беш жүз миң долларга баалап жатканда ойлош керек эле да келечегин.

Ал эми берки камалуучу тизмедеги Равшан Жээнбеков, Кеңешбек Дүйшөбаев тууралуу кандай жыйынтык болуп, алар кандай туруштук берерин көрө жатарбыз, бирок, Эмилбек Каптагаев тууралуу ишенимдүү айта турган кеп бар. Ал түрмөгө түшсө кылы кыйшайбай, “ардактуу конок” катары төрдө отурары талашсыз. Анткени, бүгүнкү бийликтин каралар менен болгон мамилесин тейлеген Эркин Мамбеталиев “таякемди камаарын камапсыңар, табаңар ушуну менен кансын, мен аны силерге салып бербейм” деп айтканга кудурети жетет. Андыктан, бул жаатташуу кимге канча залал алып келип, кимиси канчалык жабыркайт, кимисинин башына бакыт конуп, кимдин куту качат – алдын ала айтуу кыйын.

Сабыр Муканбетов

Булак: “Азия Ньюс” 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: