Menu

Нарындын манаптарында намыс деле жок окшойт?

Бөлүшүү:

Борборубуздун чок ортосунда жайгашкан «Нарын» ресторанынын өткөн тарыхына кайрылсак, аталган жай талантуу архитектор Абдразак Мокеновдун тушунда, ал киши шаар башчысыболуп турган убакта курулган. Ал кездерде аталган ресторан борборубуздагы эң ажайып, популярдуу жайлардын бирден-бири болгон. Ар убакта мамлекетке киреше гана алып келип турчу. Убагында бул жай өзүнүн кереметтүү архитектурасы менен мамлекетибиздеги тарыхий- маданий мурастардын катарына кирген.

Анан заман алмашып, мораль, нрава, уят-сыйыт деген баалуу­луктардын ордун акча ээлеп кал­ган доор келип, ушул сыяктуу канчалаган улуттун сыймыгы болгон ажайып жайлар арзы­баган акчага жеке колго мен­чикке өтүп кетти. Азыр алардын караандары да жок. Анын орду­на кыргыз баласынын табитине ылайык келбеген кайдагы бир чет элдик аталыштагы жайлар пайда боло баштады. Мындай кыйраткыч сыноо «Нарын» ре­сторанын да кыйгап өткөн жок. Жакшынакай иштеп жаткан «Нарын» бийлик эгелеринин са­лымы менен жасалма банкрот­ко учурап, талкалана баштады. Адегенде тарыхий-маданий му­рас болгон бул жай казиного айланып, көп өтпөй түнкү клуб болуп, «түнкү көпөлөктөрдүн» уюгуна айланып, 2005-жылда­гы төңкөрүштөн кийин такыр эле кароосуз калды, бомжлар­дын, наркомандардын жатагы­на айланып. Ошентип, 12 жылга жакын аңырайып турду, а бал­ким анын жайгашкан жери бор­бордун чок ортосунда болгон­дуктан, ресторандын өзү эмес, ал жайгашкан ошол жер кимдир бирөөлөрдүн көзүн кызартып, атайын өз мезгилин күтүп кел­ген чыгаар?

Кийин «Нарын» рестораны менчикке кетип, ал имарат тал­каланат экен, анын ордуна кай­дагы бир чет элдиктин оюн-зо­ок кылчу жайына айланат экен деген кептер чындап эле реал­дуулукка кептелип баратканда улуу муундун өкүлдөрү (Улуу Ата-Мекендик согуштун арда­герлери) Б. Ельцин атындагы Кыргыз- Орус славян универси­тетинде жолугушуп, ал жайды согуштагы жана тылда эмгек­тенген каармандардын музейи­не айлантуу маселесин көтөрүп чыгышкан. (Бирок, кайда-ан, «жашылбайлар» кытырап турса карыялардын көтөрүп чыккан ал аруу тилектерин ким укмак?)

Ошентип, жан дүйнөсү жакыр, көр дүйнөсү мол адамдардын күчү жеңип, 2016-жылдын ок­тябрында «Нарын» рестораны андагы маданият, маалымат жана туризм министринин ко­лу менен республикабыздын тарыхий-маданий мурас ката­ры корголгон статусунан ажы­рап чындап эле чет элдиктер­дин колуна өттү, тагыраагы Кы­тай бизнесмендеринин колуна. Бирок, ушул жерден калыстык үчүн белгилеп коюшубуз керек, ошондо ал кездеги мэр Албек Ибраимов мындай көрүнүшкө тикеден-тике каршы пикирин билдиргени бар. Бишкек ша­арынын активдүү жарандары менен болгон жолугушууда «ал жерди менчиктештирип алдык деген чет элдик инве­сторлор жаңы курулуш үчүн абдан көп акчаларын кошю­са да мен каршы экенимди билдирем. Ал жердин маңдай­ында тарыхий Жеңиш аянты турат, демек ал жерде ошого ылайыкталган жакшынакай сквер курушубуз керек. Ал эми отель курабыз деген кы­тайлык инвесторлорго шаар­дын башка жеринен жер таап беребиз» деген эле. Мэрдин ал сөзүнөн кийин көп адамдардын көкүрөгүндө жылуулук уялап, ал кишиге болгон ыраазычылык пикирлер да айтылган болчу…

Кечээ жакында Бишкек шаа­рынын азыркы мэри Азиз Сурак­матов «Нарын» рестораны кытай компаниясына 7 миллион дол­ларга сатылганын билдирди.

Эми ал жерге кытайлык биз­несмендер «Хуалинь» деп атал­ган 23 кабаттуу мейманкана ку­рууга дилгирленип жаткан кези. Ал туурасында азыркы мэр А. Суракматов экс-мэр А. Ибраи­мовдун пикиринен айырмала­нып «Бул райондо «Театраль­ный» сейил багы бар, андан тышкары «Жеңиш аянты» ту­рат. Мындан улам менин баа­мымда үчүнчү сквер курууга негиз жок»-деп билдирди.

Ушулардын баарын жыйын­тыктап келип айталы дегени­биз, көөдөндү мыжыгылаган бир ойдун мазмуну мындай. Кечээ жакында (24-октябрда) өлкө башчысы С. Жээнбеков Нарын облусуна барып ал жерде сүйлөгөн сөзүндө минтип айтты го: «Кудайдын кулагы сүйүнсүн, азыр Бишкекте керек болсо, мамлекеттин ичиндеги мам­лекетке айланган бизнес-им­перияны түптөп, соода точка­ларын, эс алуу борборлорун, көңүл ачуучу жайларды бири­нин артынан экинчисин куруп жаткандар бар. Алардын жары­мы касиеттүү Нарын жергеси­нен чыккан ишкерлер. Арасын­да доллар миллионерлер, сом миллиардерлер бар… » – деп. Муну менен нени айткыбыз ке­лет, эгер ошол Нарындык ма­наптарда намыс болсо «аюусу», «дордойу», «акуну», «дамаскы», «нариман гуму», «беш сарысы», «шоросу», «пивосу», «авангар­ды», «имарат стройу» дагы-да­гы толгон токой капчыктуулары касиеттүү Теңир-Тоонун намы­сы үчүн болсо да бир жакадан баш, бир жерден кол чыгарып чындап аракет кылышса «На­рын» ресторанынын, ага ыйга­рылган мамлекетибиздеги та­рыхий-маданий мурастардын катарына кирген статусун дагы, «Нарын» деген атын дагы, деги эле ал жайдын өзүн дагы 100 пайыз сактап кала алышмак! Бирок, анте алышпады, антүү­гө намыстары да, кудуреттери да жетпеди окшойт. Ар кимиси өздөрүнүн жеке керт баштары­нын гана жыргалчылыгынан чыга алышпады бейм?

Эми, жакынкы аралыктарда, Кыргызстандын жүрөгү болгон анын борбор шаарынын чок ор­тосунда «Нарын» деген жакшы жай жер менен жексен болуп, анын ордуна кытай тилинде жазылган «Хуалинь»дин желеги желбиремей болуп калгандай, кыясы. Анан калса «Хуалинь» деген кытайчадан кыргыз тили­не которгондо «Нарын» дегенди түшүндүрөт экен, таппасаң сый­палап калгырдыкы! Бир мезгил­дерде ошол Нарын жергесинен, кыргыз жеринен Тайлак баатыр сүрүп чыккан андагы кас-душ­мандардын урпактары бүгүн минтип ошол Нарын деген атты өзгөртпөй, өз тилдеринде «Ху­алинь» деп атап алган ошолор кыйын экен, биздин миллио­нер Нарындык чириген байла­рыбызга караганда…

Кенжебек Арыкбаев

Булак: «Айгай-пресс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 + = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: