Жалал-Абад шаарында Курман айт намазы ушул жылдын 12-сентябрь күнү шаардагы борбордук жана жума намаз окулуучу мечиттерде окулат. Бул тууралуу Жалал-Абад областтык мусулмандар казыятынын аппарат жетекчиси Карим Төлөнбаев билдирди.
Анын айтымында,Курман айт намазын жылына шаардагы борбордук жана шаар тургундарынын жашаган жерине жакын жайгашкан жума намаз окулуучу мечиттерде окулат. Окуу убактысы таңкы саат 7:40да башталат.
-Ал эми Жалал-Абад областтык мусулмандар казыятынын казысы Абдулазиз ажы Закиров курман айт намазын шаардагы борбордук Имам Бухари мечитинде окуйт,- дейт ал.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ