Техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам «Сомон Эйр» авиакомпаниясынын учактарынын бири 100дөн ашык жүргүнчүсүн Орусиянын Красноярск шаарынан Дүйшөмбүгө жеткире алган жок.
«Боинг» учагы 11-сентябрь күнү эртең менен Красноярсктан Дүйшөмбүгө учушу керек болчу. Бирок жүргүнчүлөрдү жайгаштыруу маалында учактын асманга көтөрүлүүсүнө тыюу салынган. «Андан кийин бизди алып кетиш үчүн Тажикстандан башка учак келиши керектигин айтышты. Биз алгач отурган учак бузук болуп, аны оңдоого эки-үч күн керек экен», -деп билдирди жүргүнчүлөрдүн бири.
«Таңкы саат 4төн бери аба майданда жүрөбүз, эртең мененки 8де бир жолу тамак беришкен, ошол бойдон биз жөнүндө унутуп калышты. Түштөн кийин бизди эч ким карабай жатканын, арабызда улгайган жана бала эмизген аялдар бар экенин айтып аба майдан жетекчилигине кайрылдык. Алар бизди «Сомон Эйр» авиакомпаниясы карашы керек деп жооп беришти», – деди ал.
Бул акыркы бир жума ичинде тажик аваикомпанияларынын учактарында техникалык мүчүлүштүктөрдүн бар экендиги аныкталган экинчи учур. 6-сентябрда «Тажик Эйр» авиакомпаниясынын Дүйшөмбүгө багыт алган учагы жарым сааттан кийин кайра Бишкек аба майданына келип конууга мужбур болгон. Ал каттамдын жүргүнчүлөрү 8-сентябрда гана Дүйшөмбүгө жеткирилген.
Тажикстандын эки ири авиакомпаниясы эсептелген «Сомон Эйр» менен «Тажик Эйр» америкалык Boeing жана орусиялык ТУ учактарына ээлик кылат.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ