Menu

Болот Дыйканбаев, коомдук ишмер: “2007-жылы 26 жашымда 170 миң доллар акча коротуп, 52 кыргыз үй тиктирип, 1 тонна 200 кг күрүч демдеп, 12700 нан кетирип эки күн “Көчмөн” тоюн өткөргөм”

Бөлүшүү:

 

Учурда өтүп жаткан Көчмөндөр оюнунун авторлору көп. Чынын айтканда баш адашат. Деги эле көчмөндөр оюнун биринчи ким өткөргөн, идея чынында кимдики? Биз бүгүн көчмөн элибиздин тоюн өткөрүүгө ким негизги себепчи болуп калганын каармандын оозунан угуп көрөлү.

— Болот мырза, сизге Көчмөндөр оюнун өткөрүү идеясы кайдан келген? Сиз туулуп өскөн Өзгөн шаарында биринчи жолу көчмөндөр оюнун өткөргөн экенсиз…

— Биринчиден, Көчмөндөр оюну кечээ же 2014-жылы эле келип жаткан жок. Мен өзү көчмөн болуп төрөлгөм. Себеби, атам койчуман болгондуктан көчүп-конуп жашаганбыз. Жүрөгүмдө бир өйүгөн маселе бар эле. 2001-жылы Алматы шаарында иштеп жүрсөм, шаардын четине “Көчмөндөр” деген кафе ачылган. Орусча “Кочевник” деп жазылыптыр. Мен ал жерде “көчмөн элдин атасы кыргыз”-деп күрөшө баштадым. 2007-жылы 27-октябрь күнү бир ай КТРден “туугандар, көчмөндөр оюнуна келгиле. 9 түрлүү оюн өтөт. Байгесине 5 машине сайып берейин. 15 миң доллар байге коёюн”-деп жарнама бердиргем. Анда мен 26 жашта элем. 170 миң доллар акча коротком. Ош шаарында ал убакта кыргыз үйлөр жок экен, Чаткалдан, Чоң-Алайдан бери алдыртып, 52 кыргыз үй тиктирип, 1 тонна 200 кг күрүч демдеп, 12700 нан кетирип эки күн “Көчмөн” тоюн өткөргөм. Бул көчмөн элдеринин тою деген ат менен кеткен. Базардагы нандар калбай калганда туугандарыбыз базарды жаап качышкан. Себеби, мен атайын даярдалган аттарды мингизип, калкан, найза, кылычтарды жасатып, Өзгөндүн ичинен парад өткөргөм. Ошондо Болот бир тополоң баштаганы жатат деп элдер базарын жаап кетип калган.

— Бийлик тараптын тойду өткөрүү боюнча ойлору кандай эле?

— Бийлик тараптан чынын айтканда аябай кысым болгон. “Эмнеге өткөрүп жатышат, кайсыл партиянын атына иштеп жатат”-деп чыгышкан. Себеби 27-октябрь күнү Жогорку Кеңеш таркап, партиялык система менен келет деген түшүнүк келе жаткан. Кысым болгонуна карабай аракет кылып тойду өткөргөнбүз. Той күнү эртең менен Адахан Кимсанбаевич мамлекеттик катчы, Жантөрө Сатыбалдиев Ош областынын губернатору, Баткендин губернатору, Жалал-Абаддын губернаторунун орун басары, Нарындын губернаторунун орун басары конок катары чакырылган адамдын баары келген. Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Россия, Турция 5 мамлекеттен келген конокторго кошуп кокустан келип калган америкалыктардан, француздардан бери коноктогонбуз. Ал тойду кыргыз эли көчмөн элдердин атасы экендигин таанытуу максатында өткөргөнбүз. Ошол жерден бир журналист менден бул оюндар дагы башка жерде өтөбү деп сураганда “бул оюнду мен жеке менчиктеп алган эмесмин. Бул көчмөн элдеринин оюндарын башка областтар өткөрүүгө жардам бер десе даярмын”-деп жооп бергенмин. 2013-жылы бир журналист жигит менден “Вефа” борборунун 3-кабатында маек алып калды. “Сизди биз кыргыздын патриоту катары тааныйбыз. Кандай максаттарыңыз бар? Кандай иш-чараларды жасаганы жатасыз?”-деди эле, “Көчмөндөр оюндарын Кыргызстанга уюштурсак, кыргызды Азиянын арстаны экенин көрсөтсөк”-деген оюмду айтсам Максат Чакиев деген жигит “сизди интернеттен көрдүм, кыргыздын патриоту экенсиз, жолугалы”-деди. Жолуктук, жакшы кабыл алды. “Силер департаментте эмне иш кыласыңар?”-десем “туристтерди Кыргызстанга алып келүү боюнча иш кылабыз. Өзгөн жергесине эки канат жол салуу үчүн Мухтар деген депутат суранып жатат, биз колдоп жатабыз” дегенинен “Бирөө жол салып, анан ага турист чакырбай, Кыргызстандын ичин байланыштыралы. Көчмөн оюндарын уюштуруп, ар бир областка каттайлы. Аны уккан чет өлкөдөн туристтер келе берет” дегенмин. Аябай жакшы идеяңыз бар экен деп кетирди. Дагы бир аз күндөн кийин кайра чакыртты да чачын артка байлаган жигитти көрсөтүп “ушул жигитке жардам бериңиз. Көчмөн оюндарын уюштуралы, сунуш жазалы, сиз бизге оюндар боюнча эксперт болуп бериңиз”-дешкенинен макул болгом. Москва-Совет көчөсүнүн кесилишинде ошол жигиттин үйү бар экен. Мен ошол жерге келип оюндарды, таржымалдарды айтып берип жүрдүм. Премьер-министр сунушубузду кабыл алыптыр, Максатка рахмат, Турцияга барганда түрк тилдүү кеңешмеге Адахан Кимсанбаевич аркылуу айттыртыптыр. Ал киши көчмөндөр оюнуна автор болду, Максат дагы авторлоштордун бири. 2014-жылы Көчмөндөр оюну өтөөрдө бир дагы киши телефонун албайт. Бала-чакам менен барып келейин дедим эле. Бир эже биз менен иштешип жаткандыктан ал эжеге чалсам “Болот кечирип кой, бул идея колдон колго өтүп кетти, биз эч ким эмес экенбиз”- дегенинен “анда уят болгон экенмин”-дедим да өзүм балдарымды алып барып келдим. Бирок 23-ноябрда келинчегим каза болуп калды. Ошол менен мен 40 күн аза күтүп, үйдө олтуруп калганда, өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев мени издетиптир. Максат мага “сизге премьер мактоо баракчасын берип жатат”-деп айтып калды. Аза бүткөндөн кийин 18-декабрда мактоо баракчаны мага берди. Кокус менин илээшпеген жерим болсо ал мактоо баракча эмес конверт бербейт эле. Азыр автор менмин дегендер менен теле дебатка чыгып калсак “2007-жылы мен той берип жатканда сизде ушундай ой бар беле”- деп сурайт элем. Ушундай эле суроону Максат менен Аскатка дагы берип “силерде ушул идея бар беле? Бышылуу тамактын күйүтү жаман кылбагыла”-деп айтмакмын. Тилекке каршы андай нерсе жок.

— Азыркы өтүп жаткан көчмөндөр оюну жактыбы?

— Мага жакты. Биз башында чогуу иштешкенде балдарга атайын сценарий бергем. Бирок меники өтпөй калыптыр. Менин сценарийим боюнча парадда биринчи Манас атабызды 40 чоросу менен өткөрөлү. Манас атабыз тууралуу “Манас келе жатат, көчмөндөрдүн баш ханы келе жатат” деген ураан менен азыркы президентке чейинки кыйындар төрттөн өтсүн, алардын тарыхы менен айтылсын дегем,  жактырышпаптыр. Кечээки көчмөндөргө сонун даярданышыптыр. Менин ниетимдин 90%ы аткарылды. Кыргыздын баары бир жерге чогулса, жамырап калпак-элечекчен көрсөм дегем, аткарылды. Жарым миллион эл ошол жерде кылкылдап, хан шайлоону көрсөтүп жатышса өтө кубандым. Актёлорго дагы рахмат, жакшы даярданышыптыр. Стадионду да укмуш салышыптыр. КМШ боюнча ат оюндарына биз жолдомо беребиз. Башкача айтканда Ордо болуп калдык. Астананын ат майданы дагы мындай эмес.

— Казактар спорттук жайларына каттуу көңүл бурчу эле го?

— Казактар мындай ат майдандарды курушу мүмкүн. Бирок маңдайынан чөл көрүнөт. Биздики дароо көл көрүнөт. Аркасы тоо, өзүнчө эле жомок. Көчмөн элдин колоритине туура келген ат майдан болду. Эң башкысы менин ичимди өйүп жүргөн бир канча иштер чечилди. Мен Россияда, Казакстанда, Турцияда иштегем. Баардык жерде калпакчан болуп, “мен атаңмын, мага салам айткыла. Силер бизден тарагансыңар”- деп тамашалайт элем. Бир жолу мындай сөздөрдү бир казактын милициясына айта коюп камап салышкан.

— Сиздин кара жорго бийин биринчи алып чыкканыңыз боюнча да маалымат бар. Идея сиздики беле?

— Керек болсо калпак күнүнүн дагы, кара жоргонун дагы идеясы меники, бирок ошону ишке ашырган жигиттерге, агаларыма чын жүрөктөн ыраазымын. 2005-жылы ошол убактагы “Бителдин” калпакчан киши менен “менин желем” деген жарнамасы чыккан. Ошону ЦУМдун 3 кире беришине полго тартып коюшуптур. Мен ошол жерден тополоң кылып, башкы директоруна кире албай койдум. Ызы-чуу салсам ары-бери жагына жөнөтүп мени топ кылышты. Жиним келип Жогорку Кеңешке кирип, Эмилбек Абсатаровичке жолугуп “Кыргыздын калпагы тебеленип жатса, ЦУМду өрттөйм. Эгер силер чече албасаңар өрттөп салам”- десем ошол жерден үнүн катуу чыгарып ЦУМдун директоруна чалды. “Болушу мүмкүн эмес, андай нерсе жок”- дегенинен соткама видеосун тартып алган элем, көрсөтсөм Эмилбек аке кайра чалып “ЦУМду өрттөйм деп атат, алгыла” деп жатып анан алдыргам. Дордойдо бир лөлү аксакал калпак кийип алып дубаначылык кылып жүрүптүр. Барып калпакты башынан алдым да топуңду кийип ал дегенмин. Мончолордон дагы калпакты астына төшөп олтургандар менен урушуп калпак мончолорго кийилбесин деп жармаштырып чыкканмын. Калпак кийилбесин деген баракчаларды мончолордо буу бөлүмдөрүнө тараткам. 2007-жылы Кара жоргону деле Кытайга барып Кулжадан үйрөнүп келип, Дастан Сарыгуловго кирдим. Ал “идеяң жакшы экен. Муну колдошубуз керек”- деп жатканда мамлекеттик катчылык кызматынан кетип калып эч нерсе кыла албай калдык. Айылга бардым дагы 7-класста окуп жаткан эки баланы тандап, кара жоргону үйрөтүп, “Санжыра” деп группа ачып бердим. Эки балага өзүм акча берип чоң тойлорго киргизип бекер бийлетчүмүн. Бир күнү Рахман Раззыков чалып бул бийдин башында сен турат турбайсыңбы, балдарың бийлеп жүрөт, конокторум бар эле жөнөтүп берчи дегенинен жибергем. Ал жерде Кубаныч Эсенбаев бар экен. Ал мага чалып “казактар биздин бий деп будуң-чаң түшүп жатышат. Көрсө бул бий биздики турбайбы. Кел, телеге чыгалы. Мен ошол жерде иштейм”- дегенинен макул болуп телеге чыгып, аябай бапылдадык. Кубаныч «бир карындашым бар эле, бийлеп чыкса дегем. Уруксат бересизби» дегенинен макул болуп бир-эки ыкмаларын да көрсөтүп бергем. Кийин интернеттерден карасам эле кара жоргонун автору Кубаныч Эсенбаев, мен тууралуу эч нерсе жок. Эч жерде айтышпайт. Кубаныч акеге “маек учурунда бир бурчуна менин деле эмгегимди айтып койбойсузбу”- десем “Боке, ошол катачылык кетип калыптыр, айтам деп унутуп калыптырмын”-деди. Анан казак-кыргыз бул бийди талаша баштадык эле баары чээнге кирип кетип мени түртүп коюшту. Мен жөн каламбы, тытышып 1924-жылдагы бийлеп жаткан кыргызды таптырып, кыргыздын Антланта океанынан Тынч океанына чейин ээлеп турган кыргыз империясынын картасын таптырып күпүлдөп баштаганда мага чалып “ Боке жакшыбы”-дешет да кайра эле мен жокмун. Кыскасы менин идеям ишке ашты.

— ”Кара жоргону” казактардыкы, калмактардыкы жана башка элдердики дешет. Бул жагынан далилиңиз барбы?

–2009-жылы Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев атайын казактардын бийин, салттарын, жаңы түзүмдөрдү түзгөн адамдарга байге жарыялаган. Ошондо кытайлык кыргыздын эки жигити келип Астанада “Кара жорго” бийин үйрөткөн. 3 миң студент, казактардын Маданият министри бийди кошо бийлеген. Дүйнөдө эң көп адам бийлеген бий катары ЮНЭСКОго киребиз деп кире алышкан жок. Бирок казак эл бийи деп кабыл алышкан. Казактардын бири дагы “Кара жорго” биздин бий деп айта алышпайт. Анткени, Кытайдагы казактар кыргыздардын тоюна барып үйрөнүп ушул бийди бийлеп жүрүшөт. Түндүктүк досторумдун тойлоруна барсам лезгинка, түштүктүк досторумдун тоюна барсам андижан полкасы. Анан кой, өз бийибизди бийлели деп “Кара жоргону” алып чыккам. Бул окуя 2004-2005-жылдары болгон. Экинчи кылымда жарым дүйнөлүк картада көрсөткөн Атланта океанынан Тынч океанына чейин Кыргыз империясы деп турат. Керек болсо ал жерде Россия, Казакстан, Өзбекстан деген жок. Муну казактар таарынса таарынсын деп айтып жүрө бердим. 2013-жылы Нурсултан Назарбаев өзү казак теле каналдарынын биринен “Казакстан 1991-жылы мамлекеттүүлүккө жетти. Биринчи ирээт тарыхыбызда мамлекет болдук”- деди. Мага таарынса таарынсын, президенти өзү айтып жатат. Эми тарыхы кенен элден ушундай мыкты бий, ырлар чыгабы? Же кандай?

— Дагы кандай идеяларыңыз бар?

— Мен ушул жерден айтып калбасам дагы бирөө ээлеп кетпесин. Мамлекеттен мигранттар үчүн сыртка чыгып бараткандардын баарына жүргүнчү билетине атайын дагы бир барак кошулуш керек. Ал баракта “Урматтуу мекендеш, сизге ак жол тилейбиз, жакшы барып ийгиликтүү кайтыңыз. Сизди ыйык мекенибиз Кыргызстан күтөт. Биз сизди сүйөбүз”- деп жаздырып коштурайын деп жатам. Өлкөдөн чыгып бараткан ар бир адам мени мекеним, элим сүйөт деп ойлонсун деген ой да. Себеби Россияга барып 22 жаштагы балага Кыргызстанга барып иштебейсиңби десең келечек жок дейт. Айланайын, келгениңе канча жыл болду десем 2 жыл дейт. 20 жыл жашадың, ошондо келечек бар беле? Эки жылда бөлкөнү жеп келечек күтүп калыпсың, кокус бул жакта төрөлсөң кыргыз деген аттан уялмаксың деп канчасын уруштум. Экинчи идеям болсо, азыр мэрия жолдун баарын кашаалап тосуп салбадыбы. Биз эмне малканада жашайбызбы? Кичинекей таякчаларга газондордун арасына “Тууганым, сиз тебелебейсиз гүлдөрдү. Жаныңыздагыга дагы эскертип коюңуз”- десе адам деген ойлонот. Биз тосмолор менен адамдарды мажбурлабашыбыз зарыл. Заманбап жашоо үйлөрдүн короолору, дубал менен тосулбастан ачык кашаалар тутулганда гана келет. Кыргыз кең пейил, эшиги ачык калк болгон. Ошончо кашаа тосконго акча коротпой кара топурак алып келип гүл бакча кылса бир-эки тебелейбиз анан көнөбүз, биз деле адамбыз да.

Маектешкен Баян Кулова

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 2 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: