Бүгүн, 13-сентябрда саат 14:15 чамасында Токтогул районундагы Чычкан капчыгайынын Жаңы–Жол айыл аймагына караштуу Бишкек-Ош автоунаа жолунун 243-чакырымында “Джип” үлгүсүндөгү мамлекетик № В 0057 F автоунаасы жолдун чекесинде белгисиз себептерден улам күйүп кеткен. Бул тууралу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Автоунаада адам болгон эмес.
Окуя болгон жерге Токтогул райондук КР ӨКМнин 97-өрт куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барып өрттү өчүрүшкөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ