Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун долбоорлорун координациялоо боюнча Ташкенттеги кеңсе 19-октябрда Өзбекстандагы «жарандык уюмдардын» веб-порталын түзүүгө тендер жарыялады.
«ЕККУнун Өзбекстандагы долбоорлорунун координатору өз ичине мыйзамдарды жакшыртуу; окуу курстарын, семинарларды, конференцияларды жана тааныштыруу турларын өткөрүү; ошондой эле мамлекеттик органдардын, мекемелердин жана жарандык уюмдардын жумуштарын мыктылоо иштерин камтыган долбоорлорду ишке ашырат», – деп жазылган ЕККУнун расмий сайтында.
Өзбекстанда бардык жарандык уюмдар мамлекеттин толук көзөмөлүндө иштейт.
ЕККУнун Өзбекстандагы кеңсеси түрдүү долбоорлорду, анын ичинде жарандык коомдун, демократиялык институттардын өнүгүүсүнө, паракорчулукка каршы күрөшүүгө багытталган долбоорлорду каржылайт.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ