Menu

Бакыт Төрөбаев, “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери: “Конституция катып калган бетон эмес, өзгөртүүгө муктаж”

Бөлүшүү:

– Бакыт Эргешович, бүгүнкү күндө Үңкүр-Тоо маселеси курч көйгөлөрдүн бири болуп турат. Өзбекстандын күч түзүмдөрү Кыргызстанга тиешелүү делген талаштуу аймакты ээлеп алышты. Бул маселени чечүүдө кандай кадамдарды жасоо зарыл?

– Биз “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы Үңкүр-Тоо маселесин вице-премьер министр менен күч түзүмдөрдүн жетекчилерин чакырып, жыйында карадык. Биздин 4 жараныбыздын кармалып барымтага алынышын мыйзамсыз деп таап, Өзбекстандын парламентине кайрылуу жолдоо чечимин кабыл алганбыз. Кудайга шүгүр, жарандарыбызды бошотушту. Буга биздин дагы салым бар десем жарашат. Негизи чек ара маселесинде кандай чыр-чатактар болбосун дипломатиялык нукта, тынчтык жолу менен чечилиш керек. Өзбекстандын күч түзүмдөрүнүн такталбаган аймакты ээлеп алышы эл аралык укуктук нормаларга сыйбайт. 2006-жылдагы протоколдо 113-чекит менен 114-чекит такталбаган жер деп жазылып турат. Ушул эки чекиттин ортосунда Үңкүр-Тоо жайгашкан.Тилекке каршы, 114-чекитти тактоодо биздин ошол учурдагы бийликтин шалаакылыгынан Үңкүр-Тоо Өзбекстандын жери деп жазылып калыптыр. Бир эле протоколдо эки ача жазылган. Ошондуктан биз 114-чекит боюнча кайрадан тактоо жүргүзүү зарылдыгын айтып жатабыз. Эми муну Тышкы иштер министрлиги менен Өкмөттүн эл аралык укуктук комиссиясы тез арада карап чыгышы абзел. Анткени Үңкүр-Тоо биздин жер. Ал жерде байланышты камсыз кылган биздин радио-телемунараларыбыз жайгашкан.
– Эми бул маселеге чекит коюп, Үңкүр-Тоо биздин жер экенин далилдөөгө биздин өлкө жетекчилеринин эрки жетеби?

– Жетет. Ага далил келтирчү фактылар жетиштүү. Болгону бул маселени кылдат, тыкыр анализдеп, коңшуларды ынандыра билүү кажет. Ал үчүн катуу иштеш керек. Жалтаңдык кылбай бекем позицияны кармануу керек.
– Өзбекстан тарап да өз позицияларында катуу туруп, Үңкүр-Тоону бербейбиз дешсе кандай аракет көрүү керек?

– Эми бул жерде айтылбаган көп жагдайлар бар. Маселени чечүүдө бизде рычагдар абдан көп. Ошол рычагдарды колдонуп маселени чечүү абзел. Себеби бул маселени ушул бойдон калтырып коюуга болбойт.
– Азимбек Бекназаров: “Бийлик маселени чечпесе, патриоттор менен барып Үңкүр-Тоону өзбек күч түзүмдөрүнөн тазалайм” – деген кайрылуу жасады. Мындай кадам өлкөгө кандай кооптуулук жаратышы мүмкүн?

– Бул эми Азимбек Анаркуловичтин жеке көз карашы. Бирок бир нерсени ачык айтып коюу парз. Мындай чакырыктардын жасалышын бийлик эске алуусу зарыл. Анткени “силер жасай албасаңар, биз жасайбыз” деген чакырык жөн жеринен чыгып жаткан жок. Эгер өкмөт былтыр Үңкүр-Тоонун айланасында чыккан чактактан кийин тиешелүү чараларды көргөндө, азыркыдай патриоттордон турган отряддар чыкмак эмес. Анткени эч ким жерин тарттырып жибергиси келбейт. Ошондуктан бийлик көрөгөчтүктү көрсөтүп, алдын алуу иштерин жүргүзүп, маселени өз учурунда чечүү чарасын көрүшү керек. Буга мүмкүнчүлүктөр бар. Учурда тиешелүү рычагдар колдонулуп жатат. Андыктан жарандарыбыз эмоцияга алдырбай, сабырдуулук кылышы зарыл. Тынчтык жолу менен маселе чечүүдөн өтөөрү жок.
– Учурда Өзбекстандын президентинин милдетин премьер-министр Шавкат Мирзияев аткарып жатат. Бул адамдын бийликке келиши чек ара чырын чечүүдө, деги эле эки мамлекеттин ортосундагы мамилеге кандай таасир берет деп ойлойсуз?

– Бул киши президент болуп шайланып калса, деги эле ким президент болсун карама-каршылыктарды жоюп, тең ата жылуу мамиле түзүү зарыл. Коңшу өлкөнүн жаңы жетекчиси деле жакшы мамиледе болгусу келет. Ким эле коңшусу менен душмандашкысы келсин. Ошол себептен, Кудай буюрса келечекте “жылуу сүйлөсө жылан ийинден чыгыптыр” дегендей, жакшы мамиле түзүлөт деп ойлойм.
– Азыркы күндө Конституцияны өзгөртүү маселеси да кызуу талкууланып жатат. Бул боюнча “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын позициясы кандай?

– “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы биринчилерден Конституцияга өзгөртүү-толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоорун ачык талкуулады. Ар бир депутат өздөрүнүн ой-пикирин айтышты. Ырас, Конституцияны өзгөртүү боюнча коомчулукта, парламентте пикир бир кылка эмес. Бирок мындан трагедия жаратыштын кереги жок. Себеби мезгилдин талабына, коомдогу өзгөрүүгө, шарт-жагдайга байланыштуу бардык нерсе жаңыланып турууга тийиш. Конституция деле катып калган бетон эмес. Саясий-экономикалык, социалдык, укуктук абалга байланыштуу, талапка ылайык өзгөртүү муктаждыгы жаралат. Албетте, талкуу болуш керек. Ар бир айтылган сын-пикир, сунуштар талкууланып, “жети өлчөп бир кесип” чечим кабыл алынат. Биздин өзгөртүүлөрдү колдоп жатканыбыздын өзүнүн себеп-жүйөлөрү бар. Анткени улуттук баалуулуктарга, эгемендүүлүккө шек жаратчу жылчык баш мыйзамда болбоого тийиш. Башкача айтканда, улуттук нарк-насилге кесепетин тийгизчү тескери көрүнүштөр мыйзам менен корголушу кажет. Ошол себептен биз Конституцияга эркек менен аял гана үйлөнүшү керек деген норманы киргизип жатабыз. Батыштагы аял менен аял, эркек менен эркек үйлөнсө болот деген сыяктуу жат көрүнүштөр биздин коомго жайылтылбашы милдет. Ошондой эле эл аралык уюмдардын чечимдери биздин мамлекеттин эгемендүүлүгүнө шек жаратпоосун эске алып жатабыз.
– Конституцияны өзгөртүүнүн негизги максаты – президент бийликти узурпациялап алууга багытталган деген пикирлер айтылып жатат. Чын эле ошондойбу?

– Конституциянын өзгөрүшүн кайсы бир инсанга байлаган туура эмес. Албетте, ар түрдүү көз караштын айтылышы табигый нерсе. Бирок саясий боек сүртүп, көбүртүп-жабырткандан алыс болушубуз зарыл.

Маектешкен Алмаз ТЕМИРБЕК уулу

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: