Апта башында, тээ ала жайда Ж.Баласагын атындагы КУУ ректору Чынара Адамкулованын баскан изиндеги «кылтың-мылтың» жүрүштөрүн иликтөөгө алышкан парламент депутаттары ректордун ишинде күмөндүү жагдайлар дагы да бар экенин эске алышып, Чынара айымдын сары изине эми бир ай түшүүнү чечишти. Депутат Садык Шер-Нияз кесиптештеринин мындай бүтүмүнө нааразы болгонсуп, Адамкуловага жан тарткандай маанайын кыйытса, кечээги шапылдаган «төкмө журналист», мындагы депутат Рыскелди Момбеков буга ачууланып, керек болсо Адамкулованын ишиндеги «бүтпөс чыйырды» парламенттин жыйынына алып чыгарын шардана кылды. Бу Адамкулованын жаңжалы такыр тынчыбас болду го? Ушул күндөрү универде «эскинин саркындылары» болушкан мурдагы декандар кайрадан кызматка келүүнү көздөшүп, Адамкуловага каршы чыккандардан коргомокчу болушуп, айланчыктап жүрүшкөнү кандай? (Шайлоодо Адамкуловага эмес, Алтай Бөрүбаевге иштеген Чикеев дегени баш болуп.) Ректор универде кыпындай кадыры жок ушундай экс-декандарга күнү түшсө, абалы оорлошуп баратканбы? Кыскасы, күз бою булардын «концерти» бизди эриктирбей калды окшойт.
Ийгилик БОЛСУНБАЕВ
Булак: Азия Ньюс
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ