Menu

Көчмөндөр турмушу көркүнө чыкты

Бөлүшүү:

Ошентип, Чолпон-Ата шаары менен Кырчын жайлоосунда өткөн Дүйнөлүк көчмөндөрдүн экинчи оюндары да аяктады. Ал бизге булактай таза башатыбызды элестетүү менен бирге бабалар салтынын, наркынын жалпы эле адамзаттын өсүп-өнүгүшүндөгү бардык жагынан өтө бийик деңгээлин далилдеп, тарыхыбыздын тамыры өтө тереңде экендигин да оюн-зооктор, ар кандай мелдештер аркылуу көз алдыбызга тартты. Баарынан мурда кыргыз эли демилге көтөрүп өткөргөн бул оюндар (оюндар эле эмес, илгертен бери колдонуп келаткан улуттук кийим-кечелерибиздин, тамак-аштарыбыздын, каада-салттарыбыздын, кол өнөрчүлүк, узчулук, зергерчилик, айтыш, ырчылык, салбуурун жана башка боюнча мелдештери да) тарыхыбыздын, маданиятыбыздын кийинки ордубузду баса турган муундарды мекенчилдикке, шамдагайлыкка, бүйрөлүккө тарбиялап, үлгү болуучу маани-маңызын, баалуулугун чагылдыруу менен дүйнөлүк көчмөндөр элдеринин (62 өлкөнүн) азыркы муундарын бир тилекке, биримдикке баш коштуруп жатканы азыркыдай туш тараптан коркунуч келтирип турган татаал мезгилде дүйнөнүн бардык элдерин тынчтыкка, ынтымакка чакырык таштагандай болду. Мындан ары да көчмөндөр оюндарын Кыргызстанда өткөрүү жөнүндө сөз болуп жатканы бул биздин өлкөгө, элге башкалар тарабынан көрсөтүлүп жаткан чексиз баа, урмат деп бааласак болот.
Бир сөз менен айтканда жети дубандан келишкен кыргыздар дүйнө алдында аттын кулагы менен тең ойногон айкөл Манастын урпактары, кайсы эл болбосун ниеттери ак, пейилдери таза экендигин эң сонун даңазалашты. “Бали, бар бол, элим!” деп сыймыктануу менен “Кыргыздар” деген ыр жараттым.
Кыргыздар
Жер – энеси,
Көк – атасы.
Суу – тамыры.
Күн – кудайы,
Ай – чырайы.
Айкөлдүн кыргыздары!

Ак булут – ак олпогу,
Чолпон жылдыз көз мончогу.
Жашаганы кең мекени,
Көк менен жер ортосу.
Көк Теңирдин кыргыздары.
Ала-Тоосу, ак боз үйү,
Ак калпагы,
Ак элечек байбичеси, аксакалы,
Ниети аппак, пейли аппак,
Азиянын кыргыздары!

Желдей учкан,
Тутканы ыйман.
Күтпөй душман,
Күткөн мейман.
Кышта – кыштоо,
Жазда – жаздоо,
Жайда – жайлоо,
Күздө – күздөө,
Дайыма ат үстүндө
Көчүп жүргөн,
Мезгилден калышпастан,
Жараткандын кыргыздары!

Жума МАМБЕТОВ, эл аралык “Түгөлбай Ата” сыйлыгынын лауреаты.

Булак: Фабула 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: