Бүгүн, 6-августка карата өлкө боюнча дагы 549 адамдан коронавирус инфекциясы жана пневмония илдети аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова маалымат жыйында билдирди.
Бишкек шаары – 162;
Ош шаары – 81;
Чүй облусу – 38;
Ош облусу – 71;
Талас облусу – 36;
Нарын облусу – 12;
Ысык-Көл облусу – 45;
Жалал-Абад облусу – 44;
Баткен облусу – 60.
Муну менен өлкөдө коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын жалпы саны 38 миң 659.
Ал эми, коронавирус жана пневмониядан айыгып, ооруканадан чыккандардын саны 589 адамды түздү.
Оорудан айыккандардын жалпы саны 30 миң 99 адамга жетти.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ