Menu

Түркияда ооруканадабы же мейманканадабы жаткан Алмаз Атамбаев ЖК депутаттарына кайрылуу жасап, конституцияны өзгөртүүнү референдумга алып чыгууга чакырды

Бөлүшүү:

Эки күндөн бери Түркияда ооруканадабы же мейманканадабы жаткан Алмаз Атамбаев өлкө Конституциясына оӊдоолордун демилгечилери сунуштаган соӊку текст менен таанышкан соң бул мыйзам долбоорун колдоорун билдирди. Мындай мазмундагы кайрылуунун текстин президенттик аппараттын басма сөз кызматы таратты.

Текст:

«Жогорку Кеңештин депутаттары Мамлекет башчысы жактырган Конституцияга оңдоолор боюнча элдин өзү чечкенге мүмкүнчүлүк берип, мыйзам долбоорун референдумга коёт деп ишенем, – деп билдирди А.Атамбаев. – Депутаттардын мындай чечими Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгын бекемдөө,  адилет жана натыйжалуу саясый система түзүүга карай жалпы багытыбызды колдоо катары бааланат».

«Өз элинин жана өлкөсүнүн келечеги үчүн биримдикке келген учурлар ар бир мамлекеттин тарыхында кездешет. Кыргыз Республикасынын эли жана эл шайлаган  Жогорку Кеңеши Президент А.Атамбаевдин мамлекет жана мамлекеттик ишмердигинде эч качан жеке максаттары болбогонуна өткөн беш жылда ынанды деп ойлойм. Кыргызстандыктар жана депутаттар чагымчыларды ээрчирине,  А.Атамбаевдин бийликти узурпациялоо жана жалгыз президенттик мөөнөтү аяктагандан кийин да бийликте калуу максаты жана каалоосу бар деген сандырак сөздөргө ишенерине көзүм жетпейт.

Акаевдин жана Бакиевдин тушунда конституциялык өзгөртүүлөрдү бийлик ошол кездеги президенттер менен алардын үй-бүлөлөрүнө ылайыктап өткөрүп келишкен. Ал кезде оппозиция эмнеге каршы чыкканы түшүнүктүү эле. Ал эми бүгүнкү негизги каршылаштар, тилекке каршы, бир гана жеке амбицияларынан улам чыгууда. Алар өзгөртүү зарылдыгына макул, бирок маселеге бөгөт коюу үчүн ар кандай себептерди таап жатышат. Бул мамлекеттик мамиле эмес. Бул өлкө келечегин тоготпогондук.

Ошондой эле алардын сунушталган оӊдоолордун арты менен «президенттин айланасынын» бийликте калуу аракети деген «аргументтери» да суу кечпейт. Андайдын жыты да жок экени сабаттуу адамга көрүнүп турат.  Негизи эле Кыргызстанда кийинки Мамлекет башчысы ким болоорун бир же эки жыл мурда эле көрө билген учур болгон эмес, менимче, болбойт дагы. Ошондуктан, “мураскер операциясы” дегенди четке кагарымды дароо эле билдиргем. Оӊдоолор парламентти алсыздандырып, Премьер-министрди өтө эле күчтөнтөт дегенге да негиз жок. Тетирисинче көпчүлүк коалиция күчтөндүрүлүп, чыныгы парламенттик оппозиция пайда болот. Бул оӊдоолор – Кыргызстандын чыныгы парламентаризмди бекемдөөгө карай дагы бир кадамы.

Алты жыл бою элибиз Конституцияга оӊдоо киргизүү зарылдыгын талкуулап келди, дээрлик эки ай коомчулук аталган мыйзам долбоорун талкуулады. Анын жыйынтыгында көптөгөн өзгөртүүлөр киргизилди.

Соӊку беш жылда биздин өлкөбүз чоң жеӊишке жетти – Кыргызстанда баарын эл чечип калды. Бул тынчтык менен туруктуулуктун кепилдиги. Акаев жана Бакиев тушундагыдай революцияга чыгууга аргасыз кылбастан, бийликтин шайлоолор менен алмашуу салты калыптанды.

Ошондуктан Жогорку Кеңеш Конституцияга оңдоо киргизүү боюнча бул мыйзамды колдоп, элдин өзү референдумда тандаганга мүмкүнчүлүк берсе, ал депутаттардын стратегиялык жана акыйкаттык туура чечими болуп калмакчы».

21-сентябрь, 2016-жыл

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − 51 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: