Menu

Кабылбек Бейшенбаев “Эки тоонун чөбүн эңсеген кийик” беле?

Бөлүшүү:

Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылдык кеңешинин төрагасы Кабылбек Бейшенбаев жакында коңшу Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланганы бар. Буга чейин ал «Республика» партиясынын Военно-Антоновкадагы координатору болуп буту үзүлгөнчө чуркап иштегендиги жалган беле? Кезегинде айыл өкмөт башчылыгына келээрде жоон тобун КСДПнын депутаттары түзгөн Фрунзе айылдык кеңешиндеги жергиликтүү эл өкүлдөрүнө келип, «мени шайлап бергиле, «Республиканы» таштайм, КСДПда шайлоодо туруп берем» деп ант берип шайланганын танабы? Эң кызыгы, Кабылбек мырза Военно-Антоновкадагы айылдык кеңештин төрагасы, ага удаа Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы катары «иштей берем» деп бир кызматын өткөрбөй, көгөрүп жаткандыгы неси? Баарынан да мамлекеттик кызматкер катары Военно-Антоновкадагы «Республика» партиясынын координаторлугун кошо улантып жатканын кандай түшүнөбүз? Бир эле кезде эки беткап тагынып, эки жакка талтая чуркап жүргөн Кабылбектей жергиликтүү «бөрк ал десе баш алган» жетекчилер КСДПны аңга салабы же Бабановду банкрот кылышабы? «Боло берет турмушта, өзгөчө кыргызда» деген афоризмдин бир далилин көрдүңөрбү?

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 86 = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: