Menu

КСДПчы депутат Мээрбек Мискенбаев атамекенчи Өмүрбек Текебаевдин 2010-жылдан кийин тапкан мүлктөрүн текшерүүнү премьер-министрден талап кылды

Бөлүшүү:

Кечээ, 21-сентябрда КР Жогорку Кеңешинин кезектеги отурумунда “өкмөттүк саат” болуп өттү.  Ага КР премьер-министри баш болгон өкмөт мүчөлөрү катышып, депутаттардын суроолоруна жооп берип жатышты. Өкмөттүк саатта эмгек мигранттарынын көйгөйлөрү,  Бишкек шаарындагы “Коопсуз шаар” долбоору, чек ара маселесинин чечилбей жатышы жана жол кырсыктарынын статистикасынын көбөйүп жатышы тууралу маселелер каралып жаткан.

Өкмөткө суроо берүү кезеги жеткен КСДП фракциясынын депутаты Мээрбек Мискенбаев каралып жаткан маселелерди аттап өтүп, Өмүрбек Текебаевдин 2010-жылдын 7-апрелинен кийин тапкан жеке мүлктөрүн текшерип, эсептөөнү өкмөттөн талап кылды.

“Бүгүнкү каралып жаткан маселелерден да маанилүү бир маселе бар.  Биздин Текебаев деген теле жылдыз бир айдан бери күндө телевидение аркылуу чыгып, ар кимди фактысы жок жамандап, каралап жатат. Урматтуу премьер-министр, эмне үчүн Текебаевдин 2010-жылдан кийинки тапкан мүлктөрүн изилдебейсиңер? Бул биринчиден.  Интернеттен алым жетишинче издеп таптым, Текебаев көрүнгөндү мародер, мындай деп жатат да… Урматтуу премьер-министр,  мен Текебаевге окшоп ойду-тоону сүйлөбөй факты менен сүйлөйүн. Мына, “Супер инфо” газетасы жана “Сентябрь” телеканалы жайгашкан, Фрунзе көчөсүндөгү 402- үй 300 кв. метр, 50 миллион сомдук имарат салыптыр, муну эмнеге карабайсыңар? Тайырбек Дүйшекеевич, өткөндө Текебаев сизге улам-улам ракмат айтып жаткан, муну эмнеге карабайсыңар? Чакан ГЭСи турат, эмнеге канча налог төлөп жатканын карабайсыңар? Бир айдан бери силерге жазам, жооп да бербейсиңер. Бул бир. Мен факты менен сүйлөйүн, беш, баасы 200-300 миң доллардык…  – деп келатканда спикер Чыныбай Турсунбеков “Мээрбек Жайлообаевич, сиз, жыйындын күн тартибиндеги маселе боюнча сүйлөңүз!” деп талап кылды.

“Текебаев күндө эле чыгып айтып жатпайбы. Биз да чындыкты айталы десек сөз бербейсиңер. Чындык чычалатат болуп жатпайбы”, деди Мээрбек Мискенбаев.

“Урматтуу Мээрбек Жайлообаевич,  бул маселелерди кезеги келгенде айтасыңар, сиз бүгүнкү күн тартибиндеги маселе боюнча айтышыңыз керек эле. Сөз кезеги Максат Сабировдо” деп Турсунбеков жыйынтыктады.

“Ал маселени бизге бериңиз, депутат айтып жаткандан кийин биз карашыбыз керек, карайбыз!” деп премьер-министр Сооронбай Жээнбеков депутат Мээрбек Мискенбаевдин кагазды сурап алды.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − 70 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: