Бүгүн 22-сентябрда «Тарых жана маданият» жылынын алкагында уюштурулуп жаткан «Мекенге таазим» фестивалынын ачылыш аземи болду. Иш чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Э.Эрматов жаш калемгерлерди куттуктоо менен бирге чыгармачылык ийгилик каалап өттү. Ошондой эле, бул адабият майрамы эгемендүүлүк жылдарында алгач ирет өтүп жатканын, адабияттын улуу мууну менен жаш муундардын ортосун бириктире турган жакшы саамалык болуп жаткандыгын кошумчалады. «Маданиятыбыздын жана тилибиздин өзөгү болгон адабияттын майрамы Мамлекеттик тил күнү менен дал келип жаткандыгы адбан кубандырат. «Мекенге таазим» фестивалына Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия колдоо көрсөтүп, сыйлыктарын тапшырат» деп билдирди Э.Эрматов.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ