Menu

Бегалы Наргозуев: “Корбашынын абийирин кантип ачышмак эле?”

Бөлүшүү:

-Президент А.Атамбаев Текебаевдин 2,7 гектар мурда Максим Бакиев ээлик кылган жердин азыркы ажого коррупциялык жол менен өтүп кеткени тууралу билдирүүсүн, о.э. учурунда түштүк коогалаңынын башкы уюштуруучусу катары саналган Кадыржан Батыровдун өлкөдөн кантип чыгып кеткенин териштирүүнү тапшырды. Бирок, Текебаевдин айтуусунда, К.Батыровго азыркы ажо өзү жакын болуп, жашыруун сүйлөшүүлордү жургүзгөн. Мындай абалда Башпрокуратура калыс жана адилет териштирүү жүргүзө алабы?

– Азыркы Атамбаев менен Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн  тиреши бир кезде, советтик доордо болгон бир анекдот сыяктуу окуяны эске салат. Өткөн кылымдын 40-жылдарында, Райкомдун 1-секретарынын кабинетинде бюро мүчөлөрү коммунисттик партияга жаңы мүчөлөрдү кабыл алып жатышыптыр. Төрдө албетте райкомдун 1-катчысы карап олтурат.  Анан бюро мүчөлөрү партияга мүчөлүккө  талапкер болуп кирген бир олбурлуу, тың жигиттен “сен коммунист болууга бардык жагынан татыктуу экенсиң, бирок, акыркы бир сурообуз бар, басмачылыкка катышып, совет бийлигине каршы күрөшпөдүң беле?” деп сурашса ал “басмачы болгом” деп мойнуна алыптыр.  Анда бюро мүчөлөрү “биз басмачыны кантип компартияга мүчөлүккө алабыз? болбойт!” деп чыгарып жиберишет. Анан башка бирөө “ой, сен кызык экенсин да, ошо басмачы болгонуңду айтпай эле койбойсунбу! Алар кайдан билмек эле?” деп сураса жанагы талапкер “Кантип басмачы болбогом деп айтам, төрдө олтурган райкомдун 1-секретары анда биздин корбашы болчу да!” дейт имиш.

Анын сыңарындай 2010-жылдан бери эл кимди гана мародер атабады. Текебаевди баш кылып атамекенчилерди Жаныш Бакиевдин уулунун үйүн тоногон мародерлор дешсе, Бекназаров, Отунбаева, Сариев, Дүйшөбаев, Каптагаевдерди банк ячейкаларын, пансионаттарды, кыймылсыз мүлктөрдү тоногон мародерлор деп айтып-жазып келишти. Эми болсо бул Убактылуу өкмөт мүчөлөрү  “Корбашы өзү мародер болчу!” деп жатышат.  Максим Бакиевдин заводдорун, жерин басып алган деп жатышат.

Каптагаев “Кылмышкер Кадыржан Батыров менен эң көп жолугуп сүйлөшүүлөрдү  жүргүзгөн Алмаз Атамбаев болгон” десе, Текебаев “Алмаз Атамбаев сеператист Кадыржан Батыровду үйүндө жашыруун кабыл алып сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. СДПК менен Батыровдун “Ана-Ватан” партиясы биргелешип парламенттик шайлоого барууга макулдашышкан” дейт.  Бул жерде да корбашы ким болгону билинип калды.

Эми Атамбаев бул иштерди текшерүүнү Генпрокуратурага тапшырып жатат “Мародерлор ким экенин, кылмышкер Кадыржан Батыров менен кимдер кызматташканын тапкыла!” дейт.

Бизде Кыргызстанда Генпрокурорду ким дайындайт? Кимдин сунушу менен көрсөтүлөт жана шайланат? Кимдин Генпрокурорду кызматтан кетирүүгө реалдуу рычагы бар? Бир гана президенттин.  Парламент президент көрсөткөн талапкерди шайлап берип же кызматтан кетирип гана олтурат. Кимдин буйругу менен генпрокуратура кимди болбосун баса калып камап жатат? Ошондо Генпрокуратуранын Корбашысы ким?   Эми ушул генпрокуратура өзүнүн корбашысынын айыбын ачмак беле?  Ага духу жетмек беле?  Эч кандай калыс жана адилет текшерүү болбойт. Жабылуу аяк жабылуу бойдон калат.  Генпрокуратуранын Атамбаевдин оппоненттерине гана тиши өтөт.

Бегалы Наргозуев, “Элдик саясат”  коомдук институтунун директору

Булак: “Майдан”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 36 + = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: