Menu

Алмазбек Атамбаев менен Өмүрбек Текебаевдин пикир келишпестиги парламенттин тарашына алып келбейби?

Бөлүшүү:

Акыркы кездери президент Алмазбек Атамбаев менен депутат Өмүрбек Текебаевдин тиреши уланып келүүдө. Эки инсандын талашынын кесепети саясий кризиске алып келип, коалициянын тарашы мүмкүн экени айтылып жатат. КСДП жана “Ата Мекен” фракцияларынын көпчүлүк коалицияда бир болушу мүмкүн болбой калганы айтылууда. КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов 14-сентябрда парламент жыйынында “Ата Мекен” жана “Өнүгүү-Прогресс” фракцияларын коалициядан чыгып кетүүгө чакырды. “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев алар коалициялык келишимди так аткарып келе жаткандыктан коалициядан чыгууга эч кандай негиз жок деп билдирди. Деги эле бул эки инсандын пикир келишпестиги дагы кандай кесепетке туш кылышы мүмкүн, парламенттин тарашына алып келбейби деп собол салып көрдүк.

Мавлян Аскарбеков, “Эркин эл” жаштар кыймылынын жетекчиси:
– Болуп жаткан пикир келишпестик эмес, компромат согушу. Биринчиден, Текебаев, Атамбаев жана башка расмий, фактылар менен айтылып жаткандар Генералдык прокуратура жагынан иш козголуп, дыкат текшерилип, коомчулукка жарыяланып, күнөөлүү тарап жоопко тартылышы керек. Жер боюнча, аэропорт, мародерчулук жана башка оор кылмыштын жүзүн ачып, элдин үрөйүн учурган фактылар айтылып жатат. Жогорку Кеңештин депутаттары тез арада чогулуп айтылгандар боюнча жыйын уюштуруп, чара көрүүсү зарыл. Ар бир депутат эл алдында жооп берет, үн катпай четте туруу болбойт.

Шайырбек Абдрахманов, журналист:
– Парламенттин азыр эч кандай деле күчү жок болсо керек. Ушул тапта бул бийлик бутагы кайда ийсе ийиле берме чыбыктай эле. Ошондуктан таркатам деген ой болсо таркатып деле коет. Бирок кайра шайлоодо чыбык эмес, “союл” парламент келип калышы да мүмкүн…

Бакытбек Жетигенов, ЖК депутаты:
– Азыр саясий абал курчуп турганда парламенттин тарашы эч кимге кереги жок го дейм, бирок бизде баары болуп кетиши мүмкүн. Эми бизде баары бири-бирине байланыштуу эмеспи, алдын ала прогноз бериш кыйын.

Төрөхан Жунусбеков, “Мекенчил” партиясынын теңтөрагасы:
– Ал варианты да каралып жатышы мүмкүн. Референдум менен кошо парламенттик жана жергиликтүү шайлоолорду кошо өткөрөбүз деген сыяктуу ойлордун үстүндө кеңешип жатышат болуш керек. Ал эми экөөнүн чатагына кийинки келген президент точка коет деген ишеничтемин. Анткени азыр депутат Текебаевде оппозициянын баштарын бириктирип төңкөрүш жасасам деген ойдон башка жол калбай калса керек?

Алмамбет Шышмаматов,
ЖК депутаты:
– Парламентти таркатуу жол-жобосу Конституцияда так көрсөтүлгөн. Анда президентке парламент жакпай калса таратат деген норма жок.

Таабалды Тиллаев, ЖК депутаты:
– Бул эки инсандын пикирлеринин келишпестиги парламенттин тарашына алып келе албайт. Ага негиз да жок.

Даярдаган Гүлмира ШАРШЕЕВА

Булак: Фабула

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 70 + = 72

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: