Menu

Равшан Жээнбеков, саясатчы: “Референдум тууралу мыйзамга” добуш берүүдө атамекенчилерден 2 гана депутат Текебаевди колдоп добуш беришти, калганы качып кетишти”

Бөлүшүү:

“Кечээ эле Жогорку Кеңеште “Референдум тууралу мыйзамды” талкуулашып, экинчи окуудан өткөрүп жатышканда “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев мыйзам керек экендигин айтып, бирок мыйзамды регламенттерди бузбай кабыл алууга, мыйзамдуулукка чакырып жаналакетке түштү.  Бирок зордукчул СДПК партиясы баштаган көпчүлүк депутаттар мыйзамды уруп-ойнобой тебелеп кетишти жана экинчи окуудан кабыл алып коюшту.

Мыйзамдын ошол күнү экинчи окуудан кабыл алынышына “Ата-Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев ачык “каршы” добуш берди. Бирок, фракциянын лидерин атамекенчи 11 депутаттын ичинен 2 гана депутат – Наталья Никитенко менен Аида Салянова гана колдоп, мыйзамсыздыкка каршы добуш беришти. Бул экөөсүнө терең ыраазычылык!

Калган 8 атамекенчи депутат уятсыздык менен бийликти колдошту же добуш берүүдөн ар кандай шылтоо менен качып кетишти. Бийликти колдогон атамекенчилер албетте ишкер-депутаттар. Алар атамекенчи экенине карабай Атамбаевдин айланасындагылар эмне айтса ошону аткарышат. Аларга принцип менен позицияга караганда өздөрүнүн жеке бакубаттуу жашоосу жана комфорт артыгыраак турат. Добуш бербей качып кетишкен атамекенчилер бийликтин кайрымагына илинип калгандар. Эгер фракциянын лидерин мындай санаалаштар, пикирдештер, партиялаштар  курчап турса анда мындай лидерге “душмандын” деле кереги жок.

Равшан Жээнбеков, оппозициялык саясатчы

 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 75 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: