КСДП парламенттик фракциясы Өкмөттүн 2010-жылы улутташтырылган «Пирамида» телерадиокомпаниясы» жоопкерчилиги чектелген коомун менчикке сатылуучу мүлктөрдүн тизмесинен чыгаруу сунушуна макулдук берди. Бул тууралуу КР ЖК Басма сөз кызматы билдирди.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун берген маалыматына караганда, “Пирамида” телеканалынын 100 пайыз акциясы мамлекеттин карамагына алынган. 2015-жылы бюджеттен 20 млн сом каралса, жыл жыйынтыгында ал 500 миӊ сом карыз менен чыккан. Ушу тапта ал мамлекеттик органдардын ишин чагылдыра турган телеканалган айланып, өз менеджементин жана мазмунун өзгөртүү менен карыжылык жактан өзүн актай баштады.
Фракция башчысы Иса Өмүркулов азыркы учурда мамлекеттин карамагында «Пирамидадан» башка телеканал жок экенин эске салып, ага мамлекеттин саясатын чагылдыруу милдети жүктөлүп жатканын, телеканалдын көрсөтүүлөрү сапаттык жактан кыйла оӊолуп баратканын баса белгиледи.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ