Экс-депутат Ирина Карамушкинага Свердлов райондук соту депутат Өмүрбек Бабановдун кадырбаркына доо кетирди деп 250 миң сом моралдык айып салса, Ирина айым өкүм чыгарган сот Элвира Жаркеева Конституцияны бузду, Жаркееванын ишин текшертүү керек деп кайра соттун өкүмүн кудум колунда депутаттык мандаты бардай социалдык түйүндөгү өзүнүн баракчасына жазып чыкты.
Себеби мунун да жөнү бар, Карамушкина депутат болуп турганда кызматтык унаасы бир нече жолу кырсыкка кабылып КСДП партиясынан депутат катары мандатын көргөзүп, МАИ кызматкерлерине кызыл күбөлүктү термелтип кайра-кай- ра көрсөткөн. Бирок райондук сот Карамушкинаны канааттандырбаса, ызычуу салбай эле андан аркы шаардык сотко кайрылууну кандайча унутту экен…
Булак: “Жаңы Агым”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ