Өкмөт мүчөлөрү кыргыз-өзбек чек арасында чыккан жаңжалдан жаракат алып, Айдаркен ооруканасына жаткырылган 5 кыргыз жараны менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.
“Кыргыз делегациясы жаракат алып Айдаркен ооруканасына жаткырылган 5 кыргыз жараны менен жоолукту. Оор абалда деген 2 жарандын биринин башына таш тийип, гематома болгон. Ошол жерде дарылап жатышат. Абалы жакшы. Биз өзүбүз барып көрдүк, сүйлөйт, тамак ичет. Экинчисин орок менен белине сайган экен. Ага да операция жасалып, кыймыл-аракети жайында. Үчүнчү жаран ошол жерде жүргөң аксакал экен. Ал эл арасында жүрүп инсульт алыптыр. Анын абалы оорураак, ооруканада дарыланып жатат. Калган жаракат алган жарандарыбыз келип дарыланышып, үйлөрүнө кетишкен”, – деди Боронов.
Булак: «KyrgyzToday»
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ