Menu

Элмурза кыргыз волейболун дүйнөгө таанытат

Бөлүшүү:

Өткөн жума этегинде Чолпон-Ата шаарында 2018-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпионаттын финалдык мелдешине иргеп алуу оюндары өттү. Кезекте Орто Азия чөлкөмүндөгү Кыргызстан, Бангладеш, Мальдив аралы мамлекеттер арасында беттешүүдө биздин топ чапкычтар эки өлкөнүн курама командаларын “өпкөсүн үзүп”, кийинки тепкичтеги менменсиген Кытай, Япония, Австралия, Иран жана Корея командаларына айбат көрсөтмөкчү. Бул деңгээлге чыгуу жана биринчи ирет кыргыз спортунун тарыхында волейбол боюнча эл аралык мелдештин биздин жерде өтүшүнө федерация президенти Элмурза Сатыбалдиевдин эмгеги ат көтөргүс экени айтылды.

 Аскар ЖУМАГУЛОВ: “Биздин балдар жетилип калыптыр”

– Атайын Бишкек шаарынан Чолпон-Атага келип, дүйнөлүк чемпионатка иргеп алуу оюндарын баштан-аяк көрүп, көңүлүм сергип, черим жазылды. Ал ортодо Ысык-Көл оюндарына катышып жаткан ардагерлер командасын сүрөдүм. Эгер мындан 9-10 жыл мурун кыргыз волейболу таптакыр жоголуп кетүү коркунучунда турса, азыр андай ойдон алыс болуп турам. Буга Элмурза Сатыбалдиевдин кошкон салымы ат көтөргүс. КР Волейбол федерациясынын президенти катары оюнду жандантып, жайылтууну колго алып койгону айдан-ачык көрүнүп турат. Бу жолку оюнда биздин балдардын жетилип калганын байкадым. Өнүгүп-өсө турган жолдо кетип бараткандары мени кубандырбай койгон жок.

Асанбек МАМЫРБАЕВ: “Жарата турган ийгиликтер али алдыда”

– 2009-жылы эле КР Волейбол федерация президенти Элмурза Сатыбалдиев ишти жөнгө сала баштаган. Оюнду өнүктүрүү жаатында реформа жасап, “өлүп калган” волейболду тирилтти. Республика ичиндеги мелдештерди иретке салуу менен бирге эл аралык аренага чыгуу башатын ошондо эле түптөп койгон десем жаңылбайм. Мен билгенден Бүткүл дүйнөлүк волейбол федерациясы менен алака түзүп, мамилени жаңы нукка бура билүүнүн натыйжасын, түшүмүн азыр көрө баштадык. Алсак, Азия волейбол конфедерациясына 2018-жылы дүйнөлүк мелдешке иргеп алуу оюндарын Чолпон-Ата шаарында өткөзүүнү сунуш киргизген. Алар өз учурунда бул ойду жактырышкан. Ал мелдештерди өз көзүбүз менен көрдүк. Ошол эле учурда биздин улуттук курам 200 миллионго жакын калкы бар Бангладеш командасын жана Азия чемпионатынын күмүш байгесин жеңип алган Мальдив аралынын оюнчуларынын эсебин берип, кийинки тепкичке көтөрүлүп отурат. Бизге мындан өткөн да жеңиш барбы? Кыргыз волейболунун жарата турган ийгилиги дале болсо алдыда экенин боолголоп турам.

Марат АМАНКУЛОВ: “Кыргыз волейболу өчүү эмес, өсүү жолунда баратат”

– Биз бүгүн сонун оюн көрдүк. Мальдив аралынан келген каратору балдардан бир аз коркуп аткам. Жанагы 2-сызыктан бир метрден ашык секирген немесин өткөндө көрүп аябай таңгалып “ушундай да бийик секирип топ чабабы?” деп суктангам. Бүгүн 2-3 жолу жакшы чапты. Бизде да ушундай балдардын өсүп келатканы кубандырбай койгон жок. Башмашыктыруучу Анкудинов мыкты ойногон балдарды тандаптыр. Эгер ушу ыргактан чыкпай, дагы да күчөтүп отурса Азия чөлкөмүндөгү күчтүү командалардын катарына кирип калышы ажеп эмес. Албетте, бу жерде федерациянын иш алып баруусу оозго аларлык иш болуп атат. Вице-президенти Жеңиш Кызалаков менен баш катчысы Кылыч Сарбагишев экөө федерация президенти Элмурзаны жоктотпой, анын сырттан берген тапшырмаларын кылдат, так аткарып жатканындарына кубандым. Бир сөз менен айтканда, кыргыз волейболу баягы 90-жылдардагы эмес жадагалса 2000-жылдардагы өчүү эмес, өсүү жолунда баратат.

Жеңиш КЫЗАЛАКОВ: “Элмурза Ракиевич жигитчилик мүнөзүнөн тайыган жок”

– Эми Суке, өзүң оюндарды баштан-аяк көрдүң. Биздин өлкөгө, ушул эле Чолпон-Ата шаарына жөн эле катардагы эмес Орто Азия чөлкөмүндө мыктылардын мыкты эки командасы келди. Биз качан эле ушул командалар менен теңата болуп оюн көргөздүк эле? Чыпалагына тең келе алчу эмеспиз. Акыркы 5-6 жыл аралыгында кыргыз волейболу өсүп өнүктү. Бу да чек эмес деп атабыз. Мен Бүткүл дүйнөлүк волейбол федерациясынын вице-президенти Иса Хамза Альфайлакави жана Азия волейбол конфедерациясынын баш катчысы Сунил Денг менен бирге оюн жүрүшүнө көз салып отурганда эки нерсеге токтолушту. Биринчиси, Чолпон-Ата шаарындагы спорткомплекс, анын инфраструктурасы акыркы үлгүдө салынганы, спорттук мелдештерди өткөрүүдө мыкты жай экенине суктанышып жакшы баа беришип, кийинки оюндарды да ушул жерде өткөрсө болорун кошумчалай кетишти. Экинчиси, кыргыз волейболу бүгүнкү күндө өнүгүү жолунда экенин жана келечекте көп нерсени үмүт кылып атканы тууралуу жакшы ойлорун баса белгилеп, жакынкы аралыкта Азия чөлкөмүндө эң мыкты делген он команданын ичине кирип калышын кошумчалап жүрөк жылытышты. Кыргыз волейболунда ушундай жакшы жөрөлгө болду беле, болгон эмес. Биздин кубанычыбыз койнубузга батпай турган чак.

Албетте, ардагер топ чапкычтарды да айтпай кетпесек болбойт. Алар жаш балдарыбызды сүрөп, баталарын берип, акыл-насааттарын айтып, аксакалдык үлгүсүн көрсөтүп атканы чоң иш дейли. Алды 75тен өттү, дале мелдештерге катышып топ ойноп жүрүшөт. Аларды көргөн жаш муундар бир чети уялып, бир чети намыстанып спорттук чеберчиликтерин өстүрүүдө. Эң негизгиси, федерация президенти Элмурза Ракиевич Сатыбалдиев башына түшкөн мүшкүл ишине чөгүп калбастан, жигитчилик мүнөзүнөн тайыбай, сырттан балдарга дем-күч берип атат.

Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ     

Булак: Азия Ньюс

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 + = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: