Menu

Тимур Саралаев, “Жаңы Муун” коалициясынын төрагасы: “Биз бийликке сатылбайбыз!”

Бөлүшүү:

 

Бу жигит cөздүн түз маанисинде өстү. Өлкөдөгү болуп жаткан коомдук, саясый процесстерге кадимкидей “тиш салып”, коркпой-үркпөй пикирин билдирип келет. Бул сапар да саясаттан кеп козгоп, учур кырдаалы боюнча баарлаштык.

–Тимур мырза, бийликке каршы күчтөрдү көз караштары ар түрдүүлүгүнө карабастан, президенттин Башмыйзамды өзгөртүү идеясы бир туунун алдына бириктирүүдө. Жакында алар референдумду өткөрүүгө каршылык билгизүү үчүн Курултай да өткөргөнү турушат. Сиз баштаган “жаңымуунчулар” бийликке каршы Курултайга катышасыңарбы?

–Ооба, кээ бир маселелер боюнча көз караштарыбыздын айырмачылыгына карабастан башка саясый күчтөр менен биз (“Жаңы Муун” саясый кыймылынын мүчөлөрү) бир столдун үстүндө отуруп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Биз үчүн эң маанилүүсү, кандайдыр бир деңгээлдеги тигил же бул кызыкчылыктар эмес, тапталган сөз болбосун, биз үчүн элибиздин, өлкөбүздүн кызыкчылыгы маанилүү. Эсиңерде болсо, 2010-жылы жалпы элдик референдумда кабыл алынган азыркы Конституцияны өзгөртүү боюнча 2020-жылга чейин он жылдык мораторий жарыяланганын коомчулук жакшы билет. Ал эми азыр бийлик сөзүнө турбай, Конституция менен манипуляцияларды кыла баштады. Башмыйзамга өзгөртүү киргизүү, референдум өткөрүү тууралуу бийлик жар салды. Бул иштер – бийлик өзү айтып келген мораторийди гана бузбастан, баардык мүмкүн болгон эрежелерди, укуктук процедураларды бузуу менен коштолууда. Саясый жана коомдук уюмдардын, Убактылуу өкмөттүн көпчүлүк мүчөлөрү менен активдүү жарандардын каршылыгына карабастан, бийлик 29-августта коомдук талкуунун арты менен “алгач сунушталган өзгөртүүлөр кайра иштелип чыкты” деген шылтоо астында референдумду 4-декабрга белгиледи. Бирок бул боюнча бийлик бир дагы алгылыктуу талкуу өткөргөн жок. Ал эми биз референдум боюнча талкууларды өткөрүп, принципиалдуу позициябызды билдирдик. Дегеле бүткүл бийликти бүкүлү менен “мүлжүп” жатышкан КСДП төбөлдөрүнүн коомчулуктун оюн эске албай туруп, референдумду түрткүлөшү туура эмес. Негизинен мораторийдин мөөнөтү аяктаганга чейин референдум өткөрүү даярдыктарын бийлик токтотуш керек. Ушул сындуу ойлор “жаңымуунчуларды” референдумга каршы боло турган Курултайга катышуусуна негиз түзүп жатат. Ал эми биздин ички ынтымагыбыз бекем, аны убакыт деле тастыктап жатат. Чоогуу иш алпарып жатканыбызга бери жагы 6 жыл болду. Ортодо таарыныч жана түшүнбөстүктөр жок.

–Өткөн жылы парламенттик шайлоодо Адил Турдукулов, Мавлян Аскарбеков баштаган үзөңгүлөштөр “Ата Мекен” партиясынын чачпагын көтөрүп, аламанда куу сүрөөн менен сүрөп чыкпадыңар беле? Алдыдагы жергиликтүү жана шаардык кеңештерге болчу шайлоодо да Өмүрбек Текебаевди колдоп чыгасыңарбы? Дегеле шаардык кеңештин шайлоосу үчүн ат салышасыңарбы?

–Учурда, Бишкек шаардык кеңештин шайлоосунан да абдан маанилүү саясый процесстер жүрүп жатат. Алардын бири жогоруда айтылган референдумду өткөрүү боюнча бийликтин демилгеси. Соңку айларда, биз ошол маселе менен алек болуп жатабыз. Анткени, эртеңки келечек үчүн абдан тынчсыздануудабыз. Шаардык кеңештин шайлоосуна катышабызбы же катышпайбызбы чече элекбиз, форматы боюнча деталдуу ойлонгон деле жокбуз. Ал эми “Ата Мекен” партиясын, биз “2015-жылы Жогорку Кеңешке болгон шайлоо алкагында бийлик узурпация болбосун” деген ураан менен саясый өнөктөштү ачык колдогонбуз. Бул жагынан “Ата Мекен” өзүнүн принципиалдуу позициясын азыркы мезгилге чейин буза элек. Тескерисинче, реалдуу оппозициялык маанайдагы жалгыз фракция болуп, бийликтин монополизациясына болушунча каршы болуп келе жатат. Ошол себептен азыркы мезгилде санаалаш жана тилектештигибиз бир десем жаңылбайм.

–Алмаз Шаршенович бир катар жаштарды бийлик бутактарына тартып, “жаш күлүктөрдү” сыдыргыдан өткөрүүдө. Бийликке сын айткан силерди жолотпойт го, бирок, кандайдыр бир сунуш түшсө баарыңардын көзүңөрдөн “кресло кумары” учуп жатат да, туурабы?

–Туура жаштар бийлик бутактарына барып жатат. Мындай процесс Акаевдин, Бакиевдин деле эски заманында болуп турган, азыр Атамбаевтин заманында деле ошол. Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш, мындай болуш керек. Бирок кимдер барып жатат? Албетте, өз позициясын билдирбеген, бийликке жана жогорку эшелонго, өзгөчө Алмазбек Шаршеновичке кызмат кылган салыштырмалуу жаштар барууда. Мындай ыгын тапкан жаштар ар бийлик тушунда болгон. Азыр деле боло берет. Ал эми биздин “жаңымуунчулар” тууралуу сен айтып жаткан кресло маселеси болушу да мүмкүн эмес. Анткени, биз алардын мамлекетке болгон көз караштарына каршыбыз. Алардыкы башка, биздики башка. Ошол себептен максималдуу түрдө бизди жолотпогонго аракет кылып келе жатышат. Анткени, биз баардык багыттарда реформаларды каалайбыз. Ал эми ал реформалар азыркы бийликтин табиятына карама-каршы келет. Ушул күнгө чейин “кызматка чакырат” деген ой менде эгерим болгон да эмес, болбойт дагы. Бийликке сатылбайбыз. Биздин жол башка, ал акыйкат жолу.

Калыгул Бейшекеев

Булак: Азия Ньюс

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 + = 21

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: